Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Төрөкул Дооров, Прага Көптөгөн байкоочулар акыркы жарым кылымдын эң маанилүү саясий окуясы деп аташкан АКШдагы президенттик шайлоого да мезгил жетти. Мындан төрт жыл мурдагы шайлоодо Жорж Буштун президент болушун каалаган 106 млн. адам добушун берип, аны Ак үйдүн башчылыгына олтургузган эле. Бул жолку шайлоодо Бушка добушун берет дегендердин саны 121 миллиондон да ашаары күтүлүүдө. Терроризм, Ирактагы согуш жана экономикага тиешелүү маселелер ушул тапта өлкөнү эки башка жээкке бөлүп салды: АКШ республикалык жана демократчыл маанайга бөлүнүп турган чагы.

Жорж Буш менен Жон Керри дүйшөмбү күнү шайлоо өнөктүгүнүн акыркы мүнөттөрүн чечүүчү деп эсептелген, бирок азырга чейин “өз каалоолорун так аныктай элек” штаттарда өткөрүштү. Бул штаттардан алынган добуш талапкерлердин экөө үчүн тең жеңиш менен утулуунун ордун алмаштырып коюшу да ыктымал.

Өзүн “согуш президенти” катарында таанытып, коопсуз учурда өлкөнү коргой ала турган жалгыз фигура деп көрсөткөнгө аракет кылган Жорж Буш акыркы 19 сааттын ичинде эле АКШдагы алты башка штатта болду.

АКШнын борбордук батышындагы Айова штатынын Sioux шаарында Буш топтолгон элге мамлекетти 11-сентябрдагы каргашалуу окуяга окшош коркунучтардан коргоого касам ичти:

-Америка президентинин эң башкы милдети – Америка элин коргоо. Эгерде Америка бүгүнкүдөй катаал мезгилде өзүн ишенимсиз же алсыз кылып көрсөтсө, анда бүтүн дүйнө чоң кайгыга учурашы айкын. Менин көзөмөлүмдө бул нерселер болбойт.

Ал эми Буштун атаандашы, демократ-сенатор Жон Керри дүйшөмбүдө Флорида штатынан тарта борбордук батыштагы Висконсин, Мичиган жана Охайа штаттарында болуп, өз электораты менен жолугушууларды өткөрдү.

Массачуссетстик сенатор өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн соңку күнүндө элди шайлоого сөзсүз катышууга үндөдү:

-Эгерде сиздер чынында ишеним менен келсеңиздер, анда биз Амерниканы кайрадан дүйнөнүн эң күчтүү мамлекети кылып куруп, террорго каршы күрөштү натыйжалуу алып барабыз. Андан сырткары, эгерде сиздер мамлекеттик казынада тартыштыкты сезе баштаган Американын фискалдык жоопкерчилигин кайра жогорулатууну кааласаңыздар, мага добуш бериңиздер. Ошондо биз өлкө башкаруучулугун өзгөртө алабыз.

1960-жылы республикачыл Ричард Никсон менен демократ Жон Кеннединин ортосунда президенттик так үчүн өткөн күч сынашуудан бери АКШ саясатында көп нерсе өзгөргөнү өзгөчө шайлоо өнөктүгүндө жаралган айырма менен да көрүнүп турат.

Бул жолку шайлоо өнөктүгү - Кошмо Штаттардын тарыхында “эң кымбат” өнөктүк болду.

Октябрдын орто чендеринен тарта Жон Керри жана Конгресске көрсөтүлгөн Демократиялык партиянын талапкерлеринин өнөктүгү үчүн 1 миллиард 22 млн. доллар акча жумшалган. Ал эми Жорж Бушка жана Конгресске Республикалык партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерге ушул эле мезгил аралыгында 1 млрд. 27 млн. доллар акча сарпталды.

Шайлоо кампаниясы башталган алгачкы мезгилдерде Буш ишенимдүү түрдө Керриден озунуп, алдыда келаткан. Бирок акыркы жумаларда анын үстөмдүгү өзүнүн маанисин жогото баштагандай туюлду.

Шайлоочулардын пикирин аныктоо үчүн өткөрүлгөн соңку сурамжылоолордун жыйынтыгы эки талапкер ортосундагы айырма кескин кыскарып кеткендигин көрсөттү. Ал эми өз алдынча көз карандысыз талапкер катарында көрсөтүлгөн Ралф Нейдер 1% добуш топтоорун болжолдонууда.

Кошумчалай турган жагдай - бул жолу америкалыктар өлнөнүн президенти менен кошо Сенатка 34 өкүлдү, Өкүлдөр палатасына 435 адамды жана 11 штаттын губернаторлорун да тандап жатат.
XS
SM
MD
LG