Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

«Арнамысчы» сот чечимине нааразы


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад шаардык соту «Арнамыс» партиясынын түштүктөгү координатору Дарман Жоробековду себепсиз токмоктогон жаранды кылмыш кодексинин 112-беренеси боюнча күчөтүлгөн тартипте бир жылга эркинен ажыраткан. Соттун мындай чечими менен Дарман Жоробеков макул эмес. Анын 2-ноябрда билдиришинче, сотко анын өзү, адвокаты жана окуяга күбө бир нече адам чакырылган эмес жана алар сотко катышпаган. Жоробековдун тастыктоосунда соттолгон адамды ага каршы ички иштер министрлигинин адистери тукурган, ошондуктан июль айындагы окуяга Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмү жооп бериши керек. Моралдык жана материалдык чыгымдар үчүн бөлүмдөн 1 млн. сом өндүрүүгө ниеттенген координатор ишти сотко берүү үчүн тиешелүү документтерди чогултууда.

XS
SM
MD
LG