Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Донор мамлекеттердин жыйыны өтөт


БИШКЕК. Кыргызстанга жардам берген донор мамлекеттердин консультативдик экинчи жыйыны 3-ноябрда өтөт. Ага Эларалык валюта корунун миссиясынын башчысы Таапио Саавалайнен, Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шигео Катсу, аталган банктын аткаруучу директору Пиетро Виело жана бир катар мамлекеттердин ири делегациялары катышат. Консультативдик кеңешмеде үч маселе - Кыргызстандын кедейликти кыскартуу боюнча улуттук стратегиясынын аткарылышын баалоо, донор мамлекеттер менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуусунун шайкештиги жана ак ниет башкаруунун натыйжасы талкууланат.

Биринчи маселе боюнча президенттик администрациянын экономика бөлүмүнүн башчысы Кубат Каниметов, экинчи маселе боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, акыйкат башкаруу боюнча өкмөт башчы Николай Танаев доклад жасашып, эларалык уюмдардын өкүлдөрү өз баасын жарыя кылышат. Кеңешме-жолугушууга президент Аскар Акаев катышат.

XS
SM
MD
LG