Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Президент баштаган делегация Грекиядан кайтып келди


БИШКЕК. 2-ноябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев баштаган делегация Грекиядан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

2-ноябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев Грекиянын премьер-министри Костас Караманлис менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу багытында маанилүү документтерге кол коюлганду. Президент Кыргызстандын экономикалык тармагына Грекия жеке инвестиция салса ага колдоо көрсөтүлөөрүн, өлкөдө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө жана тоо-кендерин иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин белгилеген.

Ушул эле күнү Аскар Акаев баштаган делегация Афина калаасындагы “Акрополь” тарыхый-археологиялык комплексинде болушкан.

XS
SM
MD
LG