Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:38

Өткөн аптада Кытайда ханзулар менен дунгандар ортосунда кагылышуу болду


Кытайдын борбордук чөлкөмүндөгү Нанрен жана Жоңму аттуу айылдарында өткөн аптада ханзулар менен дунгандар ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече адам өлгөнү жөнүндө айтылууда. Өкмөттүк маалымат каражаттары ал окуя тууралуу эч маалымат таратпоого аракеттенүүдө. Бирок "Синьхуа" агенттигинин айтымында, жети адам өлүп, дагы кырктай киши жараат алган. Чатак эмнеден чыкканы ачык айтылбайт, 18 адам камакка алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG