Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Багдадда бомба жарылгандан кеминде жети адам набыт кетти


Багдадда бүгүн Билим берүү министрлигинин имаратынын алдында бир машине жарылып кеткенден кеминде жети адам курман болду жана отузга жакын киши жараат алды. Полициянын айтымында, машинени бир жанкечти жардырып жиберген. Эртең менен америкалык учактар Фаллужа шаарын катуу бомбалоого дуушар кылды. Түнүчүн болсо белгисиз адамдар коопсуздук кызматынын эки аскерин барымтага алып, кийин аларды кайра бошотуп жиберди. Андан тышкары бүгүн интернет аркылуу жапаниялык туткун Шосей Коданын башы алынганы тартылган видео көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG