Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт


Жекшемби күнү Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарыла элек. Бирок добуштардын 94 пайызы алдын ала саналып бүттү жана азыркы премьер-министр Виктор Янукович алардын кыркка жакын пайызын, оппозициянын өкүлү Виктор Ющенко болсо 39 пайыз добуш чогултту деп жарыяланган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда тараткан маалыматка караганда, орустар көп жашаган жети областта добуш бергендердин саны катталган шайлоочулардыкынан алда канча көп болуп чыкты. Шайлоонун экинчи айлампасы 21-ноябрга белгиленген. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун айтымында, шайлоо учурунда абдан көп мыйзам бузуулар болду.

XS
SM
MD
LG