Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

КАНТ АВИАБАЗАСЫ АРКЫЛУУ 127 ИТЕЛГИ УУРДАЛМАК ЭКЕН


27-октябрда Орусиянын Канттагы авиабазасынан Сирияга бет алып жаткан аскердик эмес учакты прокуратура кызматкерлери токтотуп калышкан. Анын бортуна 127 ителги катылган экен. Кызыл китепке киргизилген ителги Сирия баштаган Жакынкы чыгыш мамлекеттеринде мүнүшкөрлүккө пайдаланылат жана ал чоң акча турат. Учурда күч органдары бул иштин чоо-жыйын иликтеп жатышат. Ал эми 2-ноябрда ителгилер боштондукка коё берилди.

Ителги - мүнүшкөрлөр үчүн табылгыс алгыр куш. Ал куш салуу өзгөчө жолго коюлган Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде баа. Бирөө эле – 25-50 миң долларга сатылат, үйрөтүлгөндөр андан да кымбат турат.

27-октябрда Орусиянын Кант аба майданында асманга көтөрүлөөр алдында «ИЛ-18» учагын Кыргызстандын адистешкен прокуратурасынын кызматкерлери токтотуп калышкан. 127 ителгини улук лейтенант формасындагы адам учакка жүктөп жаткан экен. Алгыр куштар жети жашикке салыныптыр.

Өлкөнүн адистешкен прокуратурасынын прокурору Галина Пугачёванын айтымында, Кыргызстандын аймагынан ителгилерди алып чыгып кетүүгө аракеттер жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар мындан бир нече ай мурда түшө баштаган. Ошондуктан тартип кызматкерлери бул саатты чыдамсыздык менен күтүшкөн.

2-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүшкөн экологдор прокуратура кызматкерлеринин мынчалык көп ителгини сактап калышканын чоң ийгилик катары баалашты.

«Табиятты коргоо боюнча немис коомунун» өкүлү, Германиянын атуулу Торстен Хардердин айтымында, Борбор Азиянын эле эмес, дүйнөнүн тарыхында да мынчалык көп ителгини уурдап бараткандардын жолу биринчи жолу буулуп отурат:

- Ителгилердин сакталып калышы – бул Кыргыз Республиканын адистешкен прокуратурасынын чоң ийгилиги. Анткени ал Борбор Азия үчүн эле эмес, дүйнөлүк мастшабда да тарыхый мааниге ээ. Себеби – бул кайталангыс окуя.

Торстен Хардер ителгилердин кармалганы тууралуу маалыматты угаары менен экологдор Кантка барышканын жана алгыр куштардын абалын көрүшкөндөн кийин аларды дароо эркиндикке бошотуу керектигин айтышканын билдирди:

- Тилекке каршы, бул иште жеке кызыкчылыктары бар айрым адамдар куштардын эркиндикке чыгышына тоскоолдук кылышып, «оюндарды» башташты. Биз күн сайын ителгилерди көргөнгө барып, тирүү чымчыктарды, канаттууларды алып барып, тамак берип турдук. Тилекке каршы биринчи ителги өлгөнгө чейин эч кимдин кыймылдагысы келген жок. Биринчи кезекте бул ишке жооп бере турган мамлекеттик орган – токой кызматы тараптан эч кандай иш-аракетти көрбөдүм.

Ошентип бюрократия менен жеке кызыкчылыктар тоскоолдук кылып жатып, ителгилердин экөө өлдү жана дагы 4-5 куштун абалы оор. Ушундан кийин гана кылмыш ишиндеги негизги далилзат катары эсептелип жаткан алгыр куштарды учурууга уруксат берилип, 2-ноябрда алар Ысыккөл, Чүй жана Талас аймактарына бөлүп-бөлүп коё берилди.

Кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын экологиялык лабораториясынын башчысы, орнитолог Валентина Торопова ителгилердин саны акыркы 10 жылда кескин азайып кеткенин айтып, ага каршы күрөшкө чоң маани берүү зарылдыгын белгиледи. Торопованын айтымында, бир ителги кармаган адамга Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык 9 миң сом гана айып салынат. Анын пикирин «Кыргыз ителги борбору» коомдук уюмунун жетекчиси Сыргак Алымбеков да колдоого алды:

-Бул - жаратылышка болуп көрбөгөндөй чоң зыян. Эгер кылтак койгондор минтип жүздөп кармап отурушса ителгилер Кыргызстанда 3 жылда эле тукум курут болот. Мындай кылмыштын жолун бууган прокуратура кызматкерлерине ырахмат!

Сыргак Алымбековдун айтымында, Кант авиабазасы ачылганга чейин шумкарлар башка жол менен Кыргызстандан ташылып кетип турган болушу керек.

Парламент депутаты Алымбай Султанов аскердик эмес учактын кайтарылган авиабазада кантип учуп-конуп жатканы дыкат текшерилиши керек дейт:

-Мен билгенден ал учактар Канттагы аскердик базада кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен уруксат алып учуп-конуп жатыптыр. Мен буга таңгалып жатам. Демек, бул жерде өкмөттөгү, бийликтеги адамдардын да "үлүшү" барбы деген ой кетет. Канчалаган контрабанда товарлары авиабаза аркылуу ташылып келип-кетип жатат деген да ой пайда болот. Эмне себептен ителгилерди чегарачылар өткөрүп жиберди, эмне себептен куштарды бажы кызматкерлери кармаган жок - демек, бул жерде бир мандем бар.

Алымбай Султанов Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бул окуяга канчалык тийешеси бардыгын тергөө иштери көрсөтсө керек деген ишенимин айтты.

XS
SM
MD
LG