Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

АКШдагы ШАЙЛОО: БУШ КЕРРИДЕН ОЗУП КЕЛЕ ЖАТКАНДАЙ...


Ушул тапта Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы саналып жатат. Учурдагы президент, республикачы Жорж Уокер Буш өз атаандашы, демократ сенатор Жон Кериден саал озуп келе жатканы кабардалууда. Охайо штатындагы шайлоонун жыйынтыгы жаңы мөөнөттөгү президенттик орундун ээсин аныктамакчы. Ал эми алдын-ала жарыяланган маалыматка караганда, республикачылар АКШ Конгрессинин эки палатасында тең үстөмдүк кыла тургандыгы айгинеленип калгансыды.

Охайо штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы ким алдыдагы төрт жылдык мөөнөттө АКШнын президенти болоорун аныктай тургандай болуп калды. Сыналгыдан үзгүлтүксүз берилип жаткан алдын-ала маалыматка караганда, учурдагы президент, республикачыл Жорж Уокер Буш демократтардын өкүлү, сенатор Жон Керриден озуп, 27 штатта жеңишке жетишти жана бери дегенде 249 добуш топтой алды.

Американын чордондук бөлүгүнөн түндүк-чыгышыраакта жайгашкан Охайо штатына 20 добуш таандык. Бери дегенде 225 добушка жетишкен Жон Керри жана анын талапкерлери бул штаттагы добушту бирден санап чыгууну талап кылышууда.

Демократтардан вице-президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Жон Эдвардс шайлоо бүткөн соң чогулган калайыкка кайрылып, демократтар ар бир добуш үчүн күрөшөөрүн айтты жана жеңишке үмүткөр экенин баса белгиледи:

- Бул түн - өтө эле узакка созулуп кетти, бирок биз ушул жеңишибише утурлай төрт жыл күтүп келген элек, эми дагы бир түн күтө туралы.

Эми Охайо штатындагы добуш кылдат саналчу болсо, бул машакаттуу жумуш он бир күнгө созулушу ыктымалдыгын жергиликтүү шайлоо бийлиги эскертти. Соңку маалыматка караганда, бул штатта да азырынча президент Буш озуп келе жаткандай.

Жеңишти көксөгөн маанай, демек, демократтардын атаандаштарынан да сезилип жатканын көрүүгө болот. Ак Үйдө туруп шайлоо жыйынтыгынын чыгарылышына байкоо салып жаткан президент Жорж Буш журналисттерге кечээ түнү (Бишкек убактысы менен бүгүн таңга маал) мындай деп кайрылды:

- Мен жеңээриме ишенем. Сиздерге чоң ыракмат. Менин маанайым дурус. Ушул жакта болгонума кубанычтамын. Биз шайлоо жыйынтыгын үй-бүлөм жана досторум менен бирге күтүп жатабыз. Алдыдагы кеч – өтө шыктандырчу убакыт болот ко дейм.

Шайлоого эл жакшы катышып бергени, бери дегенде 120 миллион шайлоочу өз укугунан пайдаланганы кабардалууда. Маселен, Флорида штатындагы Майами-Дэйд ооданынын шайлоо бийлигинин өкүлү Сет Каплан жаштар бул өнөктүккө астейдил көңүл бурганына ыраазы экенин айтат:

- Кишилер үзгүлтүксүз келип добуш берип жатышты. Аларды жалаң эле кыйла жашты жашап калгандар деп айта албайм. Орто муундагылар эле болду деп да айта албайм. Ынтызарланып добуш бергендер – өлкөбүздүн жаштары болду, дал ушул көрүнүш - эң мыкты жагдай болду.

Жергиликтүү серепчилер шайлоодогу негизги атаандаштар – Буш менен Керринин шайлоо өнөктүгү маалындагы үгүттөрү кандайча жүрдү, эмне өксүктөр же жетишкендиктер болду? деген суроо боюнча ар кыл талдоолорун ортого салууда.

Алардын бири – Вашингтондогу Жорж Вашингтон атындагы унивесритеттин профессору, саясат таануучу Натан Браун эки атаандаштын болочокку тышкы саясатынын долбоору дээрлик окшош чыкты деп санайт:

- Керринин башкы жүйөөсү – анын таптакыр башка иш-чараларды жасай тургандыгында эмес, буга чейинки аткарылып жаткандарды дурусураак жүзөгө ашыра тургандыгында болду. Ал эми Буштун башкы жүйөөсү – “удулу келип турган чакта аргымак атыңды алмаштырба” деген чакырык болду. Демек, көп жагынан алар бири-бириникине койондой окшош болгондой бир далай жүйөлөрдү калк таразасына салып жатышты.

Ал эми Алан Лихтман сыяктуу айрым серепчилер ички саясатта Жон Керри жумушчу табына көбүрөөк тартып, Жорж Уокер Буш болсо базар экономикасына жана ишкер чөйрөлөрдү шыктандырууга ык койгонун айтышууда.

Ал эми АКШ Конгрессине шайлоо жаатына келсек, алдын-ала айтылган маалыматтарга караганда, республикачылар Сенатты да, Өкүлдөр үйүн да көзөмөлдөп калчудай сыяктанып турат.

XS
SM
MD
LG