Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:31

Кийинки жылдары Кыргызстанда карамалдын оорусу күчөп, кыйын кырдаал түзүлдү. Жагдайдын курчуп кетишине тийиштүү кызмат жетекчилеринин маалыматты жашыруусу, мал доктурлардын убагында чечкиндүү чара көрүшпөгөнү, дарылардын жетишпестиги себеп болгон. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын шаршемби күнкү отурумунда мына ушул маанилүү маселе талкууга алынды.

Эки күнгө созулган өлкөдөгү эпизоотиялык абалды талдоого алган жыйында Кыргызстанда карамалды жугуштуу оорулардан сактоо боюнча ветеринардык кызматтар, аларды көзөмөлдөөчү Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлиги чечкиндүү чараларды көрө албаганы белгиленди.

Депутат Жуман Акулуевдин маалымдашынча Кыргызстанда кыркка жакын асыл тукум мал чарбалары бар. Маселен, Аламүдүн районунудагы «Ветка» дыйкан чарба бирикмесинин тарткан зыяны эле 5 миллион сомдон ашты:

- «Ветка» дыйкан чарба бирикмеси быйыл январь-февраль айларында эле 5 миллион тогуз жүз үч миң сомго зыян тартты.

Депутат Асамидин Марипов ушу тапта малдоктурлардын көбү соода кылып сыртта же жайма базарда жүрүшкөнүн маалымдап, өлкөдө бруцеллез менен ооругандардын саны жыл сайын эки жарым миң кишиге көбөйүп жатканын айтты:

- Бруцеллез оорусу Кыргызстандын көп аймактарына жайылып кеткен.

2001-жылдан бери жайылып келаткан жугуштуу ооруну чыккан жеринен жок кылуу аракетин көрүүнүн ордуна Ветеринардык департамент маалыматты жашыруу аракетин жасаган. Муну депутаттык комиссиянын көз карандысыз адис-эксперти да ырастаган. Аны депутат Болот Шерниязов жарыя кылды:

- Оору коңшу жерлерге жайылбашы үчүн кабар айтып, шарптан сактаныш үчүн эл эмне кылышын маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлоонун ордуна калп айтып, калкты, адистерди жайгаруу аракетин жасашкан.

Депутат Жолдошбек Турдумамбетов ача туяк карамалдын жугуштуу оорусунун жайылып кетишине жалгыз эле Ветеринардык департамент эмес, Айыл чарба министрлиги жана өкмөт да күнөөлүү экенине токтолду.

Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орунбасары Сооронбай Жээнбеков да кесиптештеринин пикирин колдоп, Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалыматты жашырбаганда кырдаал мынчалык коркунучтуу чекке жетпейт эле деп айтты:

- Айылдагы фермерлерге канча зыян келди? Ушул шарп оорусу башталганда баарыңар маалыматты бекитпестен, жеринен басып, жеринен айыктырып жок кылабыз деп аракет кылбай, коркунучтуу оору тууралуу кабарды убагында мамлекет жетекчилерине, элге жеткизгенде Кыргызстандын айыл чарбасына мынчалык зыяны тийбейт болчу.

Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюк бул жерде өлкөнүн экономикалык коопсуздугу маселеси козголуп жатканын белгилеп, кийинки жыйынды жабык эшик артында өткөрүү сунушун билдирди:

- Анда деле факты болгон, жашыра албайбыз. Толугу менен болгон маалыматтарды айтканга менин да тилим кыска. Дагы бир ирет силерден суранып кетет элем. Ушул маселе курчуп кетпесин үчүн жабык режим менен жыйын өткөрүп, ошонун кабыл алган чечимин ишке ашырсак. Экономикалык зыян алып келбесин деп, ошол маселени ушул жерде жабык жыйында талкуулап, маалыматты сыртка ченеп-өлчөп чыгарсак деген өтүнүчүм бар.

Эл өкүлдөр жыйыны Ветеринардык департаментти Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагынан чыгарып, өз алдынча өкмөттүк мекеме катары түзүү, айыл өкмөттөрүндөгү малдоктурлардын айлык маянасын көтөрүп, аларга жетиштүү шарт түзүп берүү жөнүндө токтом долбоорун жактырышып, бул маселени дагы бир ирет жабык отурумда кароо керек деген чечимге келишти.
XS
SM
MD
LG