Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Америкалык качкын сержант 40 жылдан кийин сот жообуна тартылды


АКШнын аскерий соту 40 жыл мурда Түндүк Кореяга качып кеткен америкалык жоокерди 30 күнгө эркинен ажыратты.

Сержант Чарлз Роберт Женкинс 1965-жылы Түштүк Кореяда черүүдө жүрүп, жоголуп кеткен. Япониядагы америкалык аскерий базада өткөн сотто Женкинсге армияны таштап качты жана душманга жардам берди деген айып тагылды.

64 жаштагы Женкинс сентябрда Японияга дарыланууга келгенде, америкалык аскерий бийликтерге өзү барган.

Сот мыйзамды да бузбай, Женкистин япон аялына боор тарткан ырасмий Токионун да көңүлүнө тийбеген өкүм чыгарганча АКШлык жана япониялык дипломаттар бир кыйла түйшүккө батты.

Женкинс 1978-жылы Түндүк Кореяга уурдалып кеткен япон аялга үйлөнгөн.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

XS
SM
MD
LG