Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Иракта чет элдиктерди уурдоо уланууда


Козголоңчул “Анзар ас-Сунна армиясы” деп аталган куралдуу топ Ирак армиясынын даражалуу офицеринин башын алып, анын сүрөтүн интернеттеги вебсайтына жайгаштырды.

Топтун билдиришинче Хусейн Шунун түндүктөгү Мосул шаарында АКШлык аскерлердин адаватчыларга каршы өткөргөн операциясына жардамдашкан.

Багдадда ливандык компаниянын АКШнын теги ливандык кызматкерин куралчан адамдар уурдап кетишкенин Ирактын ички иштер министрлиги маалымдады.

Бүгүн эле белгисиз бирөө Ирактын мунай министрлигинин жооптуу кызматкери Хусеин Алини үйүнөн жумушка жөнөп жатканда атып кеткенин Багдаддын полициясы билдирди.

Ирактын ортолугундагы Рамади шаарында иорданиялык төрт айдоочунун уурдалганы, башка эки айдоочунун машинелери аткыланганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG