Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

АКШ: РЕСПУБЛИКАЧЫЛАР СЕНАТТАГЫ ОРУНДАРДЫН КӨБҮН ЭЭЛЕШТИ


2-ноябрь күнү америкалыктар президент үчүн гана эмес, жаңы Конгресс үчүн да добуш беришти. Алдын-ала маалыматтар боюнча, бул шайлоодо да республикалык партиянын өкүлдөрү көпчүлүк орундарды жеңип, болочок Сенат менен Өкүлдөр палатасында үстөмдүк кылчудай.

Алдын-ала жарыяланган маалыматтар боюнча республикачылар Сенаттагы 100 орундун 53үн ээлешти. Президент Буштун партиялаштары андан сырткары Өкүлдөр палатасындагы 435 мандаттын да жарымынан көбүрөөгүн алат өңдөнүп калды.

Баарынан да Сенаттагы демократтардын лидери Том Дэшлдин атаандаш республикалык партиянын өкүлү Жон Тунга уттуруп койгону көпчүлүк үчүн күтүүсүз окуя болду. Анткени эми ал жарым кылым ичинде сенатордук ордун алдырып ийген демократтардын лидери катары тарыхка кирет.

Канткен күндө да Том Дэшл – Кошмо Штаттардагы эң активдүү саясатчылардын бири эле, ага кошумча Америкалык маалымат каражаттары дал ушул округдагы шайлоо кампаниясы эң кымбат өнөктүккө айланганын жар салып, эки талапкер ага 26 млн. доллар коротконун эсептеп коюшкан.


Республикалык партия Сенаттагы көпчүлүк добушун 1994-жылдан бери сактап келатат, бирок бу жолку шайлоодон кийин алар дагы бир нече кошумча мандат алары күтүлүүдө.

Демократтар Конгресстеги лидерликти колдон чыгарып ийгени менен, айрым штаттарда атаандаштарынан кыйла көп добуш топтоп, республикачыларды артта калтыра алышты. Ошондой штаттардын бири - Иллинойсто демократтардын жаңыдан аты чыгып келаткан лидери Барак Обама башка талапкерлерди марага жакын жолоткон жок. Сенатка шайланган жалгыз афро-америкалык, АКШ тарыхында Конгресстин жогорку палатасына тандалган үчүнчү негр болуп калган Обама өткөн түнү өз жеңишин жарыялап, буларга көңүл бурду:

- Кээ бир адамдар америкалыктарды өз ара бөлүнүп алган эл деп ойлошот. Алардын ою боюнча мендей кара киши АКШ Сенаты жөнүндө кыялданбай эле койсо болот. Алар коркок билиш болуп калган америкалыктар арасындагы Барак Обама өңдүү кишилер шайлоодо эч убакта жеңбейт деп ойлошот. Биз ошондой ойлор туура эмес экенин, Америкада түркүн түстүү адамдар жашаарын далилдей алабыз. Биздин эл бири-бирин чукулап кармашкан саясатчылардан чарчады, андан көрө алар биригип алып, чогуусу менен коомдогу проблемаларга каршы күрөшкөнү оң, - деп белгиледи Иллинойстон Сенатка шайланган Обама.


2-ноябрда алты жылда бир шайлана турган Сенаттын үчтөн бири гана жаңыланды. Республикачылар Өкүлдөр палатасындагы 435 орундун көбүн ээлечүдөй болуп калды. АКШнын президенти тандалган ал күнү 11 штаттын жашоочулары губернаторлор үчүн да добуш беришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG