Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

4-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 4-ноябрда Кыргызстандын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүен +2…+7, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +4…+9, ал эми күндүз абанын температурасы +13 градустан +18 градуска чейин жылышы күтүлөт.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +8…13 градус жылуу.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска жылуу, күндүз +6…+11 градус жылуу болот.
Борборубуз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап, түнкүсүн +5…+7, күндүз +13…15 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу, Бурулкан Турдубек кызы жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG