Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Бейөкмөт уюмдар жаңы Салык кодексинин кемчиликтерин айтышууда


БИШКЕК. Бүгүн 22 бейөкмөт уюм президенттин, премьер-министрдин, каржы министринин, Жогорку Кеңештин салык комитетинин, акыйкатчынын жана эксперттик топтун наамына кайрылуу жолдоду. Анда тараптар Салык кодексинин жаңы даярдалып жаткан редакциясына каршылыгын билдиришкен. Жаңы редакцияда салык төлөөчүлөргө караганда салык органдарына укуктар көп берилген, кайрымдуулук багытында иштеген бейөкмөт уюмдарга гана жеңилдиктер ыйгарылган жана кодекс көпчүлүккө түшүнүксүз, деп белгиленет кайрылууда.

Белгилеп койчу жагы - Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча акыркы талкуу 21-октябрда өтүп, анда айрым депутаттар Салык кодексинин жаңы долбооруна каршы болушкан. «Интербилим» бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда азыр бул маселе боюнча бейөкмөт уюмдар кол топтоп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG