Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Парламент малдын жугуштуу ооруларына каршы күрөштү талкуулады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында Кыргызстандагы эпизоотиялык кырдаал тууралуу маселе каралды. Ал боюнча айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюк маалымат берди. Министр эпизоотиялык кырдаалдын өткөн жылдан баштап оорлогонун белгилөө менен бирге өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна байланыштуу көп нерселерди ачык айта албашын билдирди.

Депутаттар шарп ылаңынын жайылышына каршы чара көрбөгөндүгү үчүн министрликти кескин сынга алып, Александр Костюкту кызматтан алуу маселесин президентке сунуштоо зарылдыгын белгилешти. Бирок добуш берүүдө ал колдоо тапкан жок. Талкуунун жүрүшүндө ветеринария кызматын өзүнчө бөлүп чыгаруу сунушу жактырылды.

Сессияда өкмөт мал ылаңына каршы күрөш үчүн кошумча 20 миллион сом бөлөөрү ачыкталды. Министр Александр Костюктун сунушуна ылайык Эл өкүлдөр жыйыны бул маселени "жабык эшик артында" дагы бир ирет талкууламак болду.

XS
SM
MD
LG