Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Донорлор Кыргызстандын бийлигин коррупция үчүн сынга алды


БИШКЕК. Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын донорлорунун консультативдик кеңешинде 3-ноябрда жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу, программаларды координациялоону жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Жыйында президент Аскар Акаев, премьер министр Николай Танаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык вице-президенти Шигео Катсу, Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы аймактык директору Денис де Трей жана бир катар донор мамлекет, уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Президент Акаев 2010-жылга чейин белгиленген комплекстүү өнүгүүнүн негиздери программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканын, ошондой эле тышкы карыздарды реструктуризациялоо багытында Париж клубу менен сүйлөшүүлөр натыйжа берип жатканын белгиледи.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шигео Катсу баш болгон бир катар өкүлдөр Кыргызстанда коррупцияны ооздуктоого айрыкча көңүл буруу керектигин билдирип, бийликти сынга алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG