Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

КЕРРИ ЖЕҢИЛГЕНИН МОЙНУНА АЛЫП, БУШ ЖЕҢГЕНИН ЖАР САЛДЫ


Шейшембидеги АКШдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Жорж Уокер Буштун жеңгендиги кечээ жарыяланды. Оболу демократтардын талапкери, сенатор Жон Керри атаандашына телефон чалып, андан соң Бостон шаарында калайык алдында чыгып сүйлөп, өзүнүн жеңилгенин мойнуна алды. Кызматын дагы төрт жылга сактап калган президент Бушту дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктоодо.

Учурдагы президент, республикачылардын өкүлү Жорж Уокер Буш (George W. Bush) менен дээрлик теңтайлашып келген президенттикке талапкер, демократ сенатор Жон Керри (John Kerry) шаршембиде (Бишкек убактысы менен бейшембиге караган түнкү саат 12:00ден саал өткөн соң) өзүнүн жеңилгенин расмий жарыялады.

Массачусетс штатынын Бостон шаарындагы жыйын залында өз тарапкерлери менен жолугуп, Жон Керри аларга ырааттуу колдоп бергендиктери үчүн терең ыраазчылыгын билдирди:

- Шайлоо жыйынтыгы узакка созулган сот жараяны аркылуу эмес, шайлоочулардын добушу аркылуу чечилүүгө тийиш. Эгерде биз жеңе турганыбыз үчүн кымындай мүмкүнчүлүк болсо эле, мен бул күрөштү токтотпос элем. Бирок бардык добуштарды алдын-ала санап чыкканда да, албетте, алар саналаары бышык, биз Охайодо жеңишибизди камсыз кылууга жетишээрлик добуш ала алчудай эмеспиз. Ошондуктан биз бул шайлоодо жеңе албайбыз.

Андан бир саат өтүп-өтпөй президент Жорж Уокер Буш Вашингтондогу Рейган чордонуна чогулган калайык алдында чыгып сүйлөдү.

АКШ президенти өзүн колдогон шайлоочуларды жана жалпы мекендештерин, анын ичинде өз атаандашы Жон Керрини алкады.

- Америка өз оюн айтты. Мен мекендештеримдин мага ишеним жана үмүт арткандыгы үчүн аларга таазим кылам. Дал ушул ишеним мага бардык америкалыктар үчүн кызмат кылуу парызын жүктөйт. Мен дал ушул парызды аткаруу үчүн ар күнү сиздердин президентиңиздер ирээтинде бардык күч-аракетимди жумшамакчымын.

Америкалыктар сенатор Керринин жеңилгендиги жөнүндө билдирүүсүн ар кыл маанайда тосуп алышты. Маселен, Ройтерс кабар агенттигинин сурамжылоолоруна назар салалы.

Вашингтондук тургун Марти Реглела (Marty Reglela) мырза жеңиш баары бир Буштуку болгону айкындалган соң, сенатор Керри үчүн башка арга калган эмес деп санайт:

- Менимче, ал өзүнүн жеңилгенин мойнуна алып, туура иш кылды.

Анын жердеши Ребекка Лю (Rebecca Liu) болсо, бир чети, Керринин чечимин колдосо, экинчи чети, ал эртерээк жеңилип берди го деген күдүк оюн билдирет:

- Мен Керри дагы анча-мынча узагыраак таймаша турат ко деп үмүттөнгөн болчумун.

Нью-Йорк шаарынын тургуну Мелисса Дрэйпер (Melissa Draper) болсо өзүнүн көңүлү калганын жашырган жок:

- Мен тим эле дендароо болуп калдым. Ушунчалык көңүлүм калды. Мен кандайдыр-бир тең салмактуулукту камсыз кыла алчудай өзгөрүүлөргө үмүт байлап жаткан элем.

Дрэйпер айымдын оюнча, эми азыркы кырдаалдан чыгуу жеңилге турбайт.

Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, Охайо штатындагы жеңиш президент Бушка кошумча 20 добушту ыйгарды. Ошентип, президенттикке кайра шайлануу үчүн 270 добуш талап кылынса, Жорж Буш бул көрсөткүчтөн төрт добушка көбүрөөк добушту топтой алды.

Ал эми калайыктын добушунун 51 пайызы Буш үчүн берилсе, атаандашы Жон Керри 48 пайыз гана добуш алды.

Президент Буш үчүн алдыдагы төрт жыл кыйла ыңгалуу мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи. Маселен, парламент аны мурдагыдан кубаттуу колдоп бериши күтүлөт, анткени АКШ конгрессинин Сенатында да, Өкүлдөр үйүндө да республикачылар көпчүлүктү түзүп калды.

Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин башчылары президент Бушту жеңиши менен жылуу куттуктай башташты. Алардын алгачкыларынын арасында британ премьери Тони Блэр (Tony Blair) болду. Журналисттердин алдында чыгып сүйлөгөн Блэр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурду:

- Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын кайра жандандыруу азыркы дүйнөбүздөгү өтө курч турган бирден-бир саясий милдет болуп калды. Ошондуктан биз террорчулукка каршы күрөштө жана террорчулар удулун келтирип пайдаланып жаткан жагдайлар менен себептерди жоюуда чаалыкпастык менен аракет кылышыбыз керек.

Ушул тапта Парижде дарыланып жаткан палестин аймагынын президенти Йасир Арафат Буштун көмөгү менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал оңолот деп ишенээрин айтты.

Франциянын президенти Жак Ширак болсо Буштун кайра шайланышы француз-америкалык алакаларды жаңы деңгээлде өнүктүрүүгө кызмат кылаарына үмүтүн билдирди. Орус президенти Владимир Путин кесиптеши Бушту кайраттуу инсан катары баалады. Бириккен Улуттардын Башкы катчысы Кофи Аннан болсо президент Буш менен тыгыз кызматташаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG