Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Дүйнө лидерлери Жорж Бушту куттуктап жатышат


Европалык көптөгөн өлкөлөр менен уюмдардын жетекчилери трансатлантикалык кызматташтыкты чыңдаганга үмүт билдиришти. Британ премьери Тони Блэрдин айтымында, Европа менен Америка өз альянсын кайра куруп чыгууга тийиш, бул үчүн президент Буш гана эмес, бардык лидерлер жоопкер жана муну тез арада жасоо зарыл. Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр АКШ менен активдүү кызматташтыкты улантканга даяр экендигин ырастады. Француз президенти Жак Ширак эки өлкөнүн тагдыры окшоштугун белгиледи, Россиянын президенти Владимир Путин болсо Жорж Бушту ишенимдүү өнөк деп атады. Бушту ООНдун баш катчысы Кофи Аннан, НАТОнун, Еврокомиссиянын башчылары, палестин лидери Ясир Арафат жана башкалар куттукташты.

XS
SM
MD
LG