Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Жон Керри шайлоодо утулганын моюнга алды


Президент Бушту жеңиши менен куттуктаганын айтып, сенатор да өз тарапкерлерине чоң колдоо көрсөткөнү үчүн чын жүрөктөн ыраазылыгын билдирди. "Колумдан келгендин баарын жасадым", деп ишендирди ал тарапкерлерин. “Күчүбүздү үрөп, күн-түн иштедик. Шайлоонун жыйынтыгы мындан башкача болушун мен, албетте, каалар элем, бирок Америкадагы шайлоодо талапкерлердин бири утат же утулат, эртеси кайра эле баарыбыз америкалык болуп ойгонобуз”, - деп айтты сенатор.

Керри америкалык солдаттар жанын оозуна тиштеп урушуп жатканда өлкөнүн калкы биригип, Иракта, ошондой эле терроризмге каршы күрөштө ийгиликке жетүүгө тийиш экенин белгиледи. Ал ошону менен бирге АКШнын дүйнөдөгү аброюн кайра көтөрүү зарыл деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG