Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыздын тунгуч гезити мындан туура 80 жыл мурда 7-ноябрда Ташкен шаарында «Эркин тоо» деген ат менен басылган. Бул гезит өзүнүн 80 жылдык тарыхында ар кандай аталыштарды алып отуруп бүгүнкү күндө «Кыргыз туусу» деген ат менен чыгып келет. Өлкөдөгү көп нускалуу өкмөттүк гезиттердин бири. Бирок бул басылманын ээси өкмөт болгону менен соңку жылдарда уюштуруучусу аны каржылабай калганын башкы редактор айтат. Басылманын 80 жылдыгы белгиленип жаткан учурда «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Абдиламит Матисаков «Азаттыкка» маек куруп берди.

- Абдиламит мырза, «Кыргыз туусу» гезитинин 80 жылдык мааркеси белгиленүүнүн алдында турат. Мына 80ге чыккан аксакал, карыя гезит бүгүнкү күндө Кыргызстандагы сөз эркиндигин өнүктүрүүдө ээлеген орду кандай болуп жатат?

- Кыяз, сурооңо чоң рахмат, бул майрамдык суроо болуп калды окшойт. Бир кезде Ташкен шаарында - 1924-жылы 7-ноябрда ушундай эле коңур күздө биринчи кыргыздын басма сөзүнүн карлыгачы пайда болгон экен. Ишенаалы Арабаев, Осмонкул Алиев, Касым Тыныстанов, Сыдык Карач уулу сыяктуу биздин алгачкы агартуучуларыбыз биринчи санын даярдап, дуулдап, сүйүнүп, ушул биз биринчи улуттук басылмабызды түптөдүк деп кубанган экен. Бүгүн да биз ушул ата-бабаларыбыздын сүйүнүчүн, ошонун даамын сезип, бизге ошолордун жаңырыгы жетип жаткансыйт. Бүгүнкү күндө 13-жылдык эгемендүүлүктү баштан кечирип жаткан мамлекетибизде демократиялык нукта өнүгүүгө түшкөн мамлекетибиздин эң башкы байлыгы катары сөз эркиндигин айтып жүрөбүз. Ушул сөз эркиндигинде «Кыргыз туусу» албетте өзүнүн аксакалдык, сабырдуулук, даанышмандык сөзүн айтып келатат. Анткени Кыргызстандагы бардык кыйынчылыктар, оорчулуктар мамлекет тарабынан, эл тарабынан коюлуп аткан иштердин баардыгы чып-чыргасы коротулбай, ошол бир оптимисттик мүнөздө гезит бүт өзүнүн журналисттик мүмкүнчүлүгүн, бардык арсеналын пайдаланып келатат деп ойлойм. Биз жалпы кыргыз журналисттери, кыргыз басма сөзү ушул бүгүнкү кыйын учурда конструктивдүү түйүнгө биригип, мамлекетибиздин эртеңки келечеги үчүн бир максатка биригишибиз керек.

- «Кыргыз туусу» гезити өкмөттүк гезит деп эсептелинет. Канчалык деңгээлде бүгүнкү күндө өкмөт сиздерди каржы тараптан колдоп келатат?

- Эгерде мен бүгүн ушул мааркенин алдында айтсам, «Азаттыктын» угармандары таң калышы да мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт тарабынан биздин материалдык-техникалык базабызга, моралдык жагыбыздан колдоо көрсөтүү таптакыр унутта калды деген өкүттөбүз. Айткым да келбейт, алардан чоң жардамды күтүп да болбойт. Ачык, ырасмий түрдө айткым келет - бүгүнкү күндө «Кыргыз туусу» өкмөттүк гезит болгондугуна карабастан, ал жактан бир да сары чака тыйын ала элекпиз. Ушул базар экономикасынын шартында үч булактан алган каражатыбыз менен жашап жатабыз. Биринчиси, гезитибизди эл арасына өткөрүүдөн, жаздыруудан, экинчиси, рекламаларды жарыялоодон, үчүнчүсү демөөрчүлөрдөн алып, ошолордун жардамы, көмөгү менен жашап келатабыз. Азыр биз эркин басма сөздүн оозунда гана өкмөттүк деген жарлыкты алып жүрөбүз, чыныгы иш жүзүндө кадимки эркин басылмалар кандай жашоону башынан кечирсе, биз да ошондой жашоону баштан кечирип жаткан кезибиз. Өкмөт мүчөлөрүнө мен өтө нааразымын жана таң калып жатам. Менимче, гезит ээси болгон өкмөт ушул чоң мааракени бүтүндөй Кыргызстандын масштабында өткөрүп, ушул басма сөзгө канчалык өкмөт, мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жаткандыгын иш жүзүндө көрсөтүшсө жакшы болмок эле.

- Абдиламит мырза, сиздердин гезитиңиздерде көптөгөн көз караштагы, ар кандай пикирдеги макалалар жарыяланат, интервьюлар басылып келе жатат. Ошого карабастан оппозициячыл саясатчылардын макаласы, интервьюсу, пикири сиздердин гезитиңиздерден басылбай келе жатканынын себеби эмнеде?

- Бүгүнкү күндө оппозиция же позиция деген бул шарттуу түрдө эле бөлүнгөн нерсе. Чындыгында баардыгыбыз эле Кыргызстандын күнүн көрүп, суусун ичип жүргөн журналисттербиз жана инсандарбыз. Албетте, элде шарттуу түшүнүк орун алыптыр, оппозиция «Кыргыз туусуна» чыкпайт же оппозиция эркин гезиттерге эле чыгат, оппозициянын өкүлдөрү ошол жактан пикир айтып, ошол жактан маектешет деп. Бүгүнкү күнгө чейин оппозициянын бир өкүлү биз менен байланышып же биздин кабарчыларыбызга кайрылбады. «Жок, мен ал гезитке төгүндөө үчүн гана чыгам» деп какшык иретинде айтып жаткандыгы бүгүн Кыргызстандагы сөз эркиндиги абдан кеңири масштабда колдонулуп жаткандыгын түшүндүрөт. Анткени оппозициянын өкүлдөрү «Кыргыз туусуна» келип интервью бергендин ордуна, биздин эркин он бештеген гезиттерибиз бар, ошол жаткан чыгууну туура көрүп жүрүшөт. Биздин гезитибизге кезинде Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Кусейин Исаев деле чыгышкан. Албетте бизде сөзсүз эле саясаттын тегерегинде маек эмес, бүгүнкү күндө элибиз, мамлекетибиз баштан кечирген көп урунттуу башка багыттар боюнча дагы дидарлашууну, пикир алышуу уюштурсак болот. Биз дайыма күтөбүз, бизге кайрылышсын.

- Абдиламит мырза, өзүңүзгө байланыштуу суроо бергим келет. Бүгүнкү күндө бир чоң басылманы жетектеп жатып, чыгармачылыгыңыз кандай өңүттө өнүгүүдө?

- Рахмат, бул суроо дагы менин жан дүйнөмдү козгоп кетти. Кайсы бир деңгээлде өзүмдүн окурмандарым бар деп кубанып жүрөм. Гезит деген өтө түйшүктүү. Чыгармачылык адамдын убактысы абдан аз болот, алар жамааттын камы деп жүгүрүп жүрүп, чыгармачылыкка убакыт абдан аз калат экен. Ошентсе дагы мурдагы түшүрүп койгон жазмаларымды кийин бириктирип, басма сөздө азыр кабарым маалымдалып калды. «Атамды көргөн өлбөсүн» деген китепти чыгардым. Албетте, ага мурда элге таанылган «Тагдыр», «Ак коргон», «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деген чыгармаларым, акыркы жылдарда жазылган «Турмуштан тамган тамчылар» деген эсселерим кирди. Бул күнүмдүк турмушта ар кандай көз караштар болот экен, бирок чыгармачылыкка келгенде чыныгы супарадай таза мамиле менен жылдап, кылымдап калчу чыгармага бүт дүйнөңдү төшөйт экенсиң. Ошондой чыгармачылык эргүүдө, чыгармачылык машакатта отурганда өзүмдү өтө бактылуу сезем. Мен кийинки мезгилде өлкөбүздөгү элибиз баштан кечирип аткан саясий катаклизмдерден көрө ошондой машакаттуу, чыгармачылык эргүүлөрдүн кучагында отурганды артык көрүп да кеткен учурларым бар. Албетте, «Кыргыз туусу» - бул элибиздин тарыхы. Бир кезде «Кыргыз туусун» - «Эркин тоону» кыргыздын алиппеси деген экен. Бүгүн мен айтаар элем «Кыргыз туусу» - бул кыргыз элинин энциклопедиясы, «Кыргыз туусунун» түбөлүгү түз.

- «Азаттык» радиосуна куруп берген маегиңиз үчүн чоң рахмат. Өзүңүзгө чыгармачылык ийгилик, ал эми сиз жетектеген “Кыргыз туусу» гезитине 80 жылдык мааракеси кут болсун.
XS
SM
MD
LG