Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Азиза Турдуева, Бишкек Өлкөдөгү 9 саясий партия тарабынан түзүлгөн "Кыргызстан элдик кыймылынын" курамынын кеңейиши күтүлүүдө. Элдик кыймылдын курамына саясий партиялардан тышкары өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, экс-министрлер менен экс-губернаторлор, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген. 3-ноябрда бул кыймылдын саясий кеңешинин жыйыны болуп, 5-ноябрда Бишкекте өтө турган анын уюштуруу курултайынын күн тартиби каралды. Кыргызстандагы айрым саясатчылар болсо өлкөдөгү прогрессивдүү жана оппозициялык күчтөрдүн иш-аракеттерин координациялаган кеңеш түзүлүшү зарыл деген пикирлерин да айтышууда.

Мындан эки ай мурда түзүлгөн "Кыргызстандын элдик кыймылынын" билдирүүсүндө: “Биз азыркы "үй-бүлөлүк" үстөмдүк топтун кызыкчылыгы үчүн негизги мыйзамды өзгөртүүгө, алдыдагы шайлоолорду бурмалоо жолдору менен парламенттик көпчүлүктү түзүүгө, негизгиси – бүгүнкү бийликти сактап калууга каршыбыз. Кыргызстандагы бардык демократиялык, патриоттук жана конструктивдүү оппозициялык күчтөрдүн биримдиги үчүн, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн курөшөбүз. Президенттикке бир талапкерди сүрөө - биздин жеңишибиздин кепили болооруна ишенебиз”, - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.

Аталган саясий бирикменин төрагасы, экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев белгилегендей, бул уюмду толугу менен оппозициялык деп айтуу негизсиз:

-Биздин кыймылды жалаң гана оппозициялык күчтөр чогулган кыймыл деп айтууга болбойт. Анткени ага ар кандай көз караштагы саясий партиялар, инcандар кирген. Алардын тигил же бул маселелер боюнча пикирлери ар кандай болушу мүмкүн. Бирок бир маселеде - алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду адилет өткөрүп, бийликти конституциялык жол менен алмыштырууда - алардын баары биргелешип иштейли деп атышат. Бирикмейинче эч кандай натыйжа чыкпайт.

Курманбек Бакиев "Кыргызстан элдик кыймылынын" 5-ноябрда Бишкекте өтө турган күн тартибинде карала турган маселелер жөнүндө:

-Эми 5-ноябрда өтө турган "Кыргызстан элдик кыймылынын" жыйынында негизинен эки маселе карала турган болду. Биринчиси - уюштуруу маселеси. Анда кыймылдын жобосун, структурасын бекитебиз. Мени төрага катары буга чейин саясий партиялардын лидерлери шайлаган. Эми ушу жыйын бекитиши керек. Андан кийин орун басарларды бекитүү керек. Кыймылдын борбордук кеңеш деген струтурасы болот. Анын курамы да бекитилет. Экинчи бир чоң маселе – бул Жогорку Кеңешке боло турган шайлоону акыйкат өткөрүү, аларга кыймылдын курамынан талапкерлерди көрсөтүү жана аларга колдоо көрсөтүү маселеси болмокчу.

Ал эми кыймылга кирген партиялардын бири Кыргызстан коммунисттер партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Орозбек Дуйшеев бул уюмдун түзүлүшүнүн башкы себептери жөнүндө мындай пикирде:

-Бул кыймылдын түзүлүшүнүн негизги максаты - Кыргызстанды азыркы оор абалдан чыгаруу. Азыр өлкөнүн экономикалык абалы өтө оор. Бүгүнкү күндө Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң артта калган мамлекеттердин бири. Эгерде ушундай абал улана ала берсе дагы бир же эки жылдын ичинде 10 жыл бою граждандык согуш болгон коңшу Тажикстандан да артта калып калабыз. Ал эми мындай абалга дуушар болгонубузга азыркы бийлик жүргүзгөн туура эмес саясат себеп болуп жатат. Муну эл жакшы түшүнүп калды.

Ал эми айрым саясий партиялар бийликтин жүргүзгөн саясатын жактап келишет. Алсак бул маселеге байланыштуу “Жаңы күч” партиясынын төрайымы Токон Шайлиева мындай дейт:

-Президент Аскар Акаев жүргүзуп жаткан саясат туура. Экономикалык абал жакшы. Ушул реформаларды Акаев мындан ары да уланта бериши керек. Экономика жылдан жылга карай оңолуп баратат.

Токон Шайлиеванын пикиринде өлкөдө адилет шайлоолорду өткөрүү максаты менен саясий уюмдардын түзүлүшүнүн бүгүнкү күндө зарылдыгы жок. "Анткени, - дейт Шайлиева, - шайлоолордун акыйкат өтүшүнө кыймылга кирген саясий партиялар гана эмес, көптөгөн башка партиялар да, президенттин өзү да кызыкдар".

Ал эми борборчул көз караштагы саясий партиялардын өкүлдөрү болсо "Кыргызстан элдик кыймылынын" түзүлүшүнө чоң маани беришүүдө. Өзүнүн түзүлүшү жөнүндө 4-ноябрда ырасмий жарыялай турган “Жаңы багыт” саясий бирикмесине кирген партиялардын бири “Акыйкат жана прогресс” партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев бул жөнүндө пикири:

-Бул кыймылдын башкы максаты: бийликти мыйзам жолу менен алмаштыруу. Биздин да максатыбыз ошол. Кыймылды биз да колдойбуз. Албетте биздин саясий, каржылык мүмкүнчүлктөрүбүз чектелүү. Бирок биздин артыбызда эң чоң фактор бар. Бул – элдин үмүтү, элдин мүдөөсү.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров өлкөдөгү бардык прогрессивдүү, демократиялык күчтөрдүн иш-аракеттерин координациялоочу кеңеш түзүлүшү керек деген сунуш менен чыгып жатат:

-Азыр бизде амбициялардын кесепетинен майда-майда күчтөр пайда болуп жатат. Ал эми адмиинистративдик чоң машинага татыктуу каршылык көрсөтүү же кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү жасоо үчүн алардын баары биригиши керек. Ансыз эч кандай натыйжа чыкпайт.
XS
SM
MD
LG