Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

2-ноябрда Америкада өткөн президенттик шайлоодо президент Жорж Буштун жеңишке жетишкени 3-ноябрда кечинде айкын болду. Дүйнөлүк эң ири мамлекеттин бийлигинде мурдагы президенттин дагы бир мөөнөткө калышы Кыргызстанда жалпысынан оң бааланууда.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев “Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарынын калкынын тандоосун сыйлайт жана ал шайлаган президент менен кызматташууга даяр” деген пикирин билдирди Буштун жеңип чыгышына карата. Анын айтымында, учурда кайрадан шайланган президентке куттуктоо телеграммасы даярдалууда жана жакынкы арада ал океандын ары жагына жиберилет.

2-ноябрда Бишкектеги төрт университетте жана "Айчүрөк" дүкөнүндө “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого жана бул өлкөнүн тышкы саясатына карата жергиликтүү калктын пикирин сураган эле. Анда Вашингтондун тышкы саясатын колдобогондордун саны көпчүлүктү түзгөн.

Бирок Кыргызстан саясатчыларынын ичинде болсо Буштун жеңишин оң баалагандар арбын. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков мындай дейт:

-Негизинен Жорж Буштун жеңгенинин бир гана жери жакшы - ал террорчуларга каршы күрөш жарыялаган адамдардын бири. Эгерде ал жеңилип калганда - анда террорчулардын утушу болуп калмак. Эми Буштун утушу террорго каршы күчтөрдүн биригишине алып келет.

Ал эми “Менин өлкөм” партиясынын лидерлеринин бири Зайнидин Курманов Буш менен катар республикачылардын жеңишке жетишин кубаттады:

-Буштун жеңгенине кубанып турам. Анткени республикачылар Демократтар партиясына окшоп буйттап кетпейт. Алар жолунан тайбаган катуу саясатчылар. Азыркы шартта Буш алдына койгон максатына жетсе - анда дүйнө жүзүнө жакшы болот.

Кыргызстанга карата АКШнын саясаты кандай өзгөрүшү мүмкүн деген суроого Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев мындай жооп берди:

- Менин оюмча АКШнын тышкы саясаты абдан терең ойлонулуп, кандайдыр бир принциптердин негизинде, узак убакытка кабыл алынган саясат. Ошондуктан бизге карата өзгөрүү болбойт деп ойлойм.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаковдун бул суроого жообу мындай болду:

- Эгерде Жон Керри өтсө да Кыргызстанга карата саясат олуттуу өзгөрмөк эмес. Себеби ал жерде дүйнөлүк коомдо демократия болсун, ага каршы чыккандарга колдоо көрсөтпөйбүз, ал эми жактагандарды колдойбуз деген принцип кала бермек.

Кыргызстан муфтиятынан болсо кайсы президентти шайлоо АКШ элинин эрки, биз ага кийлигише албайбыз деп жооп беришти Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына карата сурообузга.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Жорж Буштун жеңишке жетишүүсү кыргыз бийлигине караганда оппозиция өкүлдөрүнө жагымдуу болду. Анткени АКШдагы шайлоодо демократтардын өкүлү Жон Керри жеңишке жетишсе, анда ал кызматына киришип, дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы абалга үңүлүп киргенче убакыт өтмөк.

Ал эми азыркы президент Жорж Буштун администрациясы Кыргызстанда демократия өнүгүп, анын бир негизги далили катары бийлик алмашуусу керек деген позицияда турат. Бул маселе тууралуу Ишенбай Кадырбеков айтканы:

- "Келерки шайлоого катышпайм, Конституцияны бузбайм" деп Аскар Акаев убада берген деп АКШынын элчиси айтып жаткандан кийин - демек бул Американын позициясы. Демек бул багыттагы АКШнын өзгөчө көз карашы турмушка ашыраарына көзүм жетип турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG