Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Кыргыз-казак биргелешкен долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды


ТАЛАС. Соя өстүрүү боюнча кыргыз-казак биргелешкен долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Алматы шаарындагы «Вита» акционердик коому менен Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин макулдашууларына ылайык быйылкы жылдан баштап кыргызстандык дыйкандар соя өсүмдүгүн эгүүнү башташты. Эксперимент катары Талас облусу тандалып, «Вита» коому облуска 12 млн. сом инвестиция жумшады. Эки республиканын айыл чарба министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган жолугушу Талас шаарында өтүп, ага соя эгишкен дыйкандар да катышты.

Кыргызстандын жана Казакстандын окумуштууларынын, адистеринин, таластык дыйкандарынын айтымында үрөндүн сапатсыздыгы, иштетүүчү техникаларынын жоктугу алгачкы жылы ойдогудай түшүм алууга кедерги болуп, 586 гектардан 72 тонна гана түшүм алынды. Кошумча айта кетели - «Вита» коому Аксуудагы жүгөрү жана Токмоктогу сүт заводдорун сатып алып, Кыргызстанда узак иштөө планы бар.

XS
SM
MD
LG