Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кант диабети менен жабыркагандардын саны өсүүдө


БИШКЕК. Кант диабетинен жабыркагандар үчүн кыргыз өкмөтү кошумча 8 миллион сом бере турган болду. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев «Кыргызинфо» агенттигинде берген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул каражат бейтаптарды инсулин менен дагы бир жарым ай жабдып турууга жетет. Буга чейин министрлик он күнгө жете турган гана инсулин калганын билдирген. Азыр инсулин үчүн министрликтин чет өлкөлүк фирмаларга карызы 22 миллион 654 миң сомду түзөт. Ал эми башкы эндокринолог Светлана Мамутованын айтымында, кант диабетине чалдыккандардын саны учурда 19588ге жетти. Бул 2002-жылга салыштырмалуу 3426га көп. Ал эми бейрасмий булактарда бейтаптардын жалпы саны ырасмий маалыматтан төрт эсе көп экендиги айтылат.

XS
SM
MD
LG