Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу май кымбаттайт


БИШКЕК. Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы ноябрь айынын соңунда 2-3 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана «Мунай мырза ОИТ» компаниясынын өкүлдөрү маалымдашты. Алардын маалыматына караганда 2004-жылдын соңуна чейин АИ-95 маркасынындагы бензиндин баасы 20 сом, АИ-93 маркасы 19 сом, АИ-80 18 сом, АИ-76 маркасындагы бензиндин баасы 17 сом 50 тыйын болушу ыктымал. Кыргызстанды мунайзат менен камсыз кылуучу компания өкүлдөрү күйүүчү жана майлоочу майга болгон баанын жогорулашын мунайзаттын дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу Орусияда жана Казакстанда муйнайзат кымбаттап жаткандыгы менен түшүндүрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG