Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

«Жаңы багыт» аттуу коомдук-саясий кыймыл түзүлдү


БИШКЕК. Анын курамына Муратбек Иманалиев, Болот Байкожоев, Ташболот Балтабаев, Искак Масалиев, Султан Медеров, Муратбек Мукашев, Ишенбай Абдыразаков, Салижан Жигитов өңдүү коомдук жана саясий ишмерлер киришкен. Маалымат жыйынында белгиленгенге караганда кыймыл «Демократиялык кубаттуу Кыргызстан» деген идеяны жактайт жана улуттук экономиканы, маданиятты калыптап, коопсуз жашоону камсыздоо, коррупцияны ооздуктоо, мамлекеттик кесипкөй ишмерлердин курамын даярдоо максатын көздөйт.

Уюмдун теңтөрагаларынын бири Муратбек Иманалиевдин айтымында, "Жаңы багыт" алдыдагы президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгат жана саясий күрөштөрдө «Кыргызстан элдик кыймылы» менен кызматташуу ниети бар.

Экс-премьер-министр Курманбек Бакиев жетектеген «Кыргызстан элдик кыймылы» сентябрь айында түзүлүп, ага оппозициялык маанайдагы бир катар саясий партиялар жана саясатчылар мүчө болушкан.

XS
SM
MD
LG