Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Экономикалык конференция өттү


БИШКЕК. 4-ноябрда Бишкекте Кыргыз өкмөтү менен чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгы «Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнүн келечеги» аттуу конференция өткөрдү. Жыйында Кыргызстандын экономикасынын келечегине жана проблемаларына президент Аскар Акаев, Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Прадип Митра кеңири талдоо жасашты. Президенттин айтымында, жакырчылык кыйла кыскарган.

Аскар Акаев өз сөзүндө эларалык уюмдарга өнүгүүгө талдоо жүргүзүүнүн усулун өзгөртүүнү сунуштады. Иштин жөнүн билбей туруп, калыс эмес талдоо жүгүзгөн уюмдардын бири катары "Фридом Хаус" уюмун атады.

Ал эми Дүйнөлүк башкы экономистин айтымында, өнүгүү жолунда кыргыз өкмөтү эске ала турган жагдайлар көп. Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болгон жагдайлардын бири - тышкы карыздар. П.Митра Кыргызстандын экономикасын Уганда, Непал өңдүү мамлекеттердин өнүгүшү менен салыштырып талдады.

XS
SM
MD
LG