Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Согуштан кийин куулган немис калкына Польшадагы мүлкү кайтыралбайт


Польшанын премьер-министри Марек Белка Варшава менен Берлиндин биргелешкен эксперттер тобу 2-дүйнөлүк согуштан кийин Польшадан куулган немистердин үй-мүлкүн кайтаруу талаптары мыйзамсыз деген тыянакка келгенин жарыялады.

Белка бул сөздөрүн бүгүн Краков шаарында Германиянын канцлери Герхард Шрөдер менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда айтты. Канцлер Шрөдер Германияга коңшулаш эң ири өлкө - Польшага эки тараптуу алакаларды Евросоюздун алкагында жакшыртуу ниетинде сапарлап барган.

2-дүйнөлүк согуштан кийин Чехиядан куулган немис калкынын мүлкү тууралуу талаш да – Прага менен Берлиндин ортосундагы эң талылуу маселелердин бири бойдон калып келатат. Мурдараак Польша өкмөтү согуштан кийин сүрүлүп чыккан немистер өз мүлкүн кайтарууну катуу талап кылса, анда фашисттик Германия Польшага келтирген материалдык зыянды төлөп берүүнү талап этерин эскерткен.

Дүйнөлүк жаңылыктар түрмөгүн даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG