Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Брюсселде Евробиримдиктин 2 күндүк саммити ачылды


Еврокомиссия Иракта январга белгиленген шайлоого жардам иретинде 16,5 млн. евро бөлгөнүн жарыялады. Брюсселдеги жыйында башка маселелер арасында Евросоюздун президент Буш экинчи мөөнөткө шайлангандан кийинки АКШ менен мамилелерин жаңыртуу аракеттери да талкууланмакчы.

Эртең Биримдиктин лидерлери Ирактын премьер-министри Ийад Аллави менен жолугушуп, Ирактагы шайлоо жана кайра куруу иштерине бөлүнгөн миллиондогон евро жардамды талкууга алышат. Андан сырткары жыйындын күн тартибинде Ирандын байытылган уран программасын токтотуу, Биримдиктин экономикалык абалы, качкындар жана иммиграция боюнча жалпы саясат маселелери да бар.

XS
SM
MD
LG