Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Карзай президент катары элге кайрылды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай 9-октябрдагы шайлоодо жеңгенин ырасми түрдө тааныды. Элге кайрылган алгачкы сөзүндө Карзай өз өлкөсү дале татаал жолдо баратканын белгиледи. "Ооганстан Европа же Америкадагыдай демократиялуу шайлоо өткөрүү жаатында тажрыйба топтой элек. Саясий партиялар жок шартта добуш берүү регионалдык жана улуттук негизде өткөрүлдү", - деди президент.

Анын алдында шайлоодо Хамид Карзайга башкы атаандаш болгон Юнус Кануни жеңилгенин моюнга алган. Ал 9-октябрдагы шайлоодо добуштардын 16%ын топтоп, шайлоочулардын 55%ы колдогон Карзайдан кийинки 2-орунду ээлеген. Кануни бүгүн шайлоодо Карзайдын пайдасына көз боёмочулук иштер жасалганын белгилеп, ошентсе да Ооган президентине ийгилик кааларын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG