Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Буштун кайра шайланышы террорго каршы күрөшкө күч берет


АКШнын өнөктөштөрү президент Буштун кайрадан шайланышы антитеррордук кампанияны күчтөндүрөт деп кубаттап жатышат. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард буларга токтолду:

-Бул АКШ жетекчисинин дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштү башкарган ролун бекемдейт, шайлоодо антитеррордук кампания жеңди.

Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми АКШ менен алакаларды өнүктүрүү ниетин ырастады. Индонезия, Филиппиндин жетекчилери президент Буш менен террорчулукка каршы бирге аракеттенээрин маалымдашты. Пакистан Бушту шайлоодогу жеңиши менен куттуктады, бирок маалымат министри Шейх Рашид Ахмед мусулмандар АКШ президентинин жаңы төрт жылдык бийлиги маалында өзүлөрүн мурдагыдан жакшыраак сезсе экен деген үмүтүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG