Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Жорж Буш куттуктоолорду кабыл алууда


Дүйнө лидерлери АКШ президенти Жорж Бушка 2-мөөнөткө шайланганына байланыштуу каалоо-тилектерин айтышууда.

Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро кайрадан шайланган АКШ президенти Жорж Буштан дүйнө коомчулугу палестин-израил чатагын жөнгө салууга чечкиндүү салым кошот деп күтөрүн белгиледи. Кыргызстандын тышкы иштер министри А.Айтматов кыргыз-америка мамилелери өзгөрбөйт деп билдирсе, Астаналык башкы дипломат Касымжомарт Токаев Казакстан АКШ менен террорчулукка каршы күрөштөгү кызматташтыгын улантарына көңүл бурду. Өзбекстандын президенти И.Каримов президент Бушка кат жолдоп, анда АКШ эларалык террорчулукка каршы күрөштө дүйнөлүк лидерликти өзүнө алып, өтө оор жүктү аркалаганын белгилеген.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш 4-ноябрда Ак Үйдө өкмөттүн жыйынын өткөрүп, экинчи мөөнөттө аткарылчу иштерди талкууламакчы. Кечээ ал жеңишин жарыялаган сөзүндө күн тартибиндеги башкы маселелер катары террорчулукка каршы күрөш, Ирак менен Ооганстанда туруктуу демократия орнотууну атаган.

XS
SM
MD
LG