Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Нарын АЙЫП, Прага Акыркы апталарда Кытайдын ар башка аймактарында бир нече элдик толкундоо болуп өттү. Бийлик элди тынчтантууга жетишти, бирок карапайым калктын жашоо-шарттары начар бойдон калып жаткандыктан, толкундоолор дагы да болушу мүмкүн жана алар соңку Кытайда такай болууда. Өкмөт мындай нааразылыктар тууралуу маалымат таратпагандыктан гана кеңири коомчулук алар жөнүндө кабарсыз.

Кытай коммунисттик партиясынын "Пикир" деп аталган журналында келтирилген маалыматтарга караганда, 2003-жылы Кытайда 58 миң элдик козголоң катталган. Башкача айтканда, күн сайын өлкөдө 160 толкундоо болгон. Бул сан 2002-жылдагыга караганда 15 пайызга өйдө, ал эми мындан 10 жыл мурдагы абал менен салыштырганда жети эсе көп.

Америкалык "РЭНД Корпорейшн" аттуу изилдөө борборунун эксперти Мюррей Скотт Таннердин айтымында, элдик толкундоолордун Кытайдагы саны дагы, алардын өлчөмү да улам өсүп баратат.

Акыркы эле апталарда өлкөнүн ар башка чөлкөмүндө эл бир нече жолу козголду жана алардын бири - Шанси провинциясындагы Синян шаарындагы иш таштоо жети аптага уланды. Мынчалык узак толкундоо өлкөдө көптөн бери болгон эмес.

Сычуан провинциясында болсо ири дамбанын курулуп жатканына каршы уюшулган митингге 60 миңге жакын адам катышты. Митинг 27-октябрда башталып, үч күнгө уланды жана жергиликтүү башчы анын катышуучулары менен жолугуп, алардын талаптары аткарылмайынча, дамбанын курулушу токтоп турат деп убада бергенден кийин гана эл тарады.

Дамбанын айынан көптөгөн жер суу алдында калат жана ондогон айыл-кыштак көчүрүлүүгө тийиш, бирок өкмөт ал адамдарга убада кылган кенемтеге эл алымсынбайт. Анткен менен акыркы күндөрдө калк арасында аларга берилген убада аткарылбай турганы жөнүндө сөз тарады жана дамбанын жанындагы чөлкөмгө эл кайрадан чогула баштады. 3-ноябрга карата алардын саны 10 миңден ашты. Хенан провинциясында болсо октябрдын аягында ханзулар менен дунгандар ортосунда кагылышуу чыгып, жети адам курман болду.

Батыш эксперттеринин айтымында, Кытай жетекчилиги акыркы мезгилге чейин демократияны өнүктүрүү жөнүндө ойлоп да койгон эмес. Ал эми Лондон шаарындагы Соңку Кытай институтунун деректири Фил Диинстин айтымында, алар экономиканы өстүрүү ыкмаларында социалдык маселелерге да дээрлик көңүл бурган эмес:

-Үчүнчү муун деп аталган Цзян Цемин жетектеген бийлик экономикалык өсүш, акча туудуруу, чет өлкөлүк валюта корун көбөйтүү жөнүндө гана ойлогон жана анын терс жактарына, мисал үчүн социалдык жана экологиялык маселелерге дээрлик көңүл бурган эмес. Жаңы төрага Ху Цзинтао экономикалык реформалардан жапа чеккендердин абалына кызыккан сыяктуу, бирок абалды өзгөртүүгө анда канчалык мүмкүнчүлүк болоору белгисиз.

Анткен менен төрага Хунун орун басары Зен Циңгоң октябр айында "Женмин жибао" гезитинде макала басып чыгарып, бийликтегилерди бир топ сынга алды. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү көп жылдан бери элден бөлүнүп кеткен жана алардын башкаруу ыкмалары катып калган жыгачтай болуп калган.

Америкалык "Вашингтон пост" гезити 4-ноябрда жазганга караганда төрага Хунун бийлиги азырынча эч кандай демократиялык реформаларды баштай да элек жана өлкөдө эмгиче цензура абдан күчтүү. Бирок интернет жана зымсыз телефон технологиялары өнүккөн сайын элге маалымат таратууну чектөө эч кандай жакшы жыйынтык алып келе албай жатат.
XS
SM
MD
LG