Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Иракта британдык үч солдат курман болду


Муну Лондон өкмөтү ырасмий түрдө тастыктады. Үч жоокер тең АКШнын өтүнүчү менен Басрадан Багдадга которулган десантчылар полкунда кызмат кылышкан. Фаллужада болсо америкалык авиациянын түнкү аба жапырыктары маалында, жергиликтүү дарыгелердин айтымында, беш киши набыт болду. Дужайл жана ал-Искандерия шаарларында дүрмөттөлгөн эки машина жардырылып, бери дегенде алты киши жайран болду. Эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму өз кызматкерлеринин өмүрүн ашкере тобокелге салгандан сактанып, Ирактагы иштерин жыйыштыра тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG