Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

КӨЧКҮЛӨР КӨРГҮЛҮКТҮ КӨРГӨЗҮҮДӨ


Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында 143 ар кандай кырсыктардан 85 адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында өлкөнүн аймагында буга чейин болгон өрттөрдөн каза тапкан 41 киши да бар. Хантеңир жана Чапаев чокуларынын ортосунда кар көчкүнүн алдында калган 11 альпинист да бул тизмеге киргизилген. Мындан тышкары Өзгөн, Алай жана Каракулжа райондорунун аймактарында болгон жер көчкүлөрдүн да курмандыктары ушул 85 адамдын катарында. Ошол эле маалда өлкө боюнча төрт миңден ашуун жерлерде мына-мына көчкү жүрүп кетиши ыктымал деген коркунуч сакталууда. Алардын арасында Миң-Куштагы «Туюк-Суу» уран калдыктары да бар.

Кыргызстан – негизинен сеймсмикалык активдүү аймакта жайгашкан. Ошондуктан учурда кайсы убакыт болбосун жүрүп кетиши ыктымал делген 4 миңден ашуун коркунучтуу жер көчкүлөр бар. Алар жер титирөө болсо эле жаңы чыгымдарды алып келиши мүмкүн.

Адистер жыл өткөн сайын жер көчкү жүрүп кетиши ыктымал делген аймактардын саны көбөйүп баратканын айтышат. Буга жаан-чачындын жыл өткөн сайын арбын түшүп, жер алдындагы суулардын көтөрүлө баштаганы себеп болууда. Мисалы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жыл башынан бери бир миң үч жүздөй иликтөөлөрдү өткөрүп, бир эле Ош облусунун аймагынан коркунучтуу делген жаңы 250дөй көчкүнү аныктап, табышкан.

- Быйыл 1-январдан 30-октябрга чейин биздин министрликтин мониторинг департаментинин кызматкерлери 1608 үй-бүлөгө башка жерге көчкүлө деп сунуш киргизди. Мен айтып коюшум керек – биз башка жерге көчкүлө деп сунуш айткан үй-бүлөлөрдүн саны барган сайын көбөйүүдө. Бул да болсо дүйнөдөгү сыяктуу эле Кыргызстанда да өзгөчө кырдаалдардын саны барган сайын өсүп баратканын айтып турат, - деди Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев 4-ноябрда журналисттерге.

Анын айтымында негизинен өлкө боюнча 6200 үй-бүлөгө там-ташын таштап, башка жакка түтүн булаткыла деген сунуш берилген. Саясатчылар алардын баарын бир эле убакта жер котортуп, там-таш менен, же болбосо акча менен камсыз кылууга мамлекеттин күчү жетпесе да эң коркунучтуу жердегилерди өкмөт сактап кала албай жатат деген сын-пикирин айтып келишкен. Мисалы, экс-премьер-министр, депутат Курманбек Бакиев табийгый кырсыктардын маселеси парламентте каралганда:

-1990-жылдан бери 580 киши каза тапты. Эмне, бизде согуш болуп жатабы?! Тоо болгондон кийин кыймылдайт, жүрөт, бирок кайсы жердегилерди биринчи ирет көчүрүш керек - муну өкмөт аныктап, турмушка ашырыш керек. "Кырсык" деп коюп эле отура бербей... - деген сын пикирин айткан.

Ал эми депутат Марат Султанов ар бир адамдын өмүрү кымбат экенин башкы жүйө деп эсептейт:

-Көптөгөн депутаттардын минтип өкмөткө өз таарынычын айтып жатканын мен туура эле көрөм. Анткени Кыргызстандын ар бир жаранынын өмүрү эң ыйык нерсе.

Министр Темирбек Акматалиев өкмөт өтө коркунучтуу аймактарда жашап жаткандардын маселесин чекесинен чечүүдө деп ишендирди журналисттерди. Анын маалыматы боюнча өкмөт алдындагы турак жай менен камсыз кылуу жана курулуш боюнча департаменттин күчү менен 80 миллион сом каражатка ушул тапта же жаңы үйлөр салынууда же болбосо кожоюндардын тандоосу менен колдон үйлөр сатылып берилүүдө.

Быйыл жаздан бери эң коркунучтуу делген аймактардагы 356 үйдү министрликтин кызматкерлери күч менен бузуп, алардын ээлери башка там-таш менен камсыз кылынган:

-Ссуда алган адамдардын айрымдары коркунучтуу аймакта жайгашкан эски үйүн таштагысы келбей, ошол эле маалда - өкмөт берген жаңы тамга да ээ болгусу келет. Ошондуктан быйыл «аке-жакелеп» жатып 356 үйдү күч менен бузуп, ээлерин эски журту менен кош айтыштырдык. Биз бул жумушту мындан ары да улантабыз, - деди министр.

Ал кырсык, коркунучтуу кырдаалдардын саны өскөн сайын ага жараша чыгым да көбөйүп жатканын белгиледи. 1992-жылдан бери катталган табийгый кырсыктардан мамлекет баш-аягы 420 млн. доллар чыгым тарткан. Ошондон улам министр Акматалиев кырсыктарды алдын-алуу жумуштарынан акчаны аябайлы деп чечтик, анткени кырсыктын кесепеттерин жоюуга караганда, эртелеп кам көргөндө каражат кыйла аз жумшалат дейт.

Бирок мисалы өкмөттүн өзүнүн күчү жетпеген Майлуусуудагы уран калдыктарынын коопсуздугун камсыздоого эларалык уюмдар жардам берүүдө. Алгач Дүйнөлүк банк 5 миллион доллар бөлүүгө убада берген, кийин министрликтин күчү менен бул сумма 12 млн. долларга көбөйтүлдү.

Майлуусууга антип акча табылып жатканы менен Кыргызстандагы эң коркунучтуу аймактардын бири деп эсептелген Миң-Куштагы «Туюк-Суу» уран калдыктары коркунуч туудурууда. 27-октябрда ал жерде иликтөө жүргүзүп келген адистердин айтымында, абал кыйла эле оор – жаан-чачындан улам козголуп калган жер көчкү түшсө ал Көкөмерен дарыясынын нугун жаап, суу уран калдыктанынын бир өңүрүн жууп, уулу заттар Нарын дарыясына куюлушу ыктымал. Адистер азыр абалдан чыгуунун жолдоруна баш катырууда.

Мааламат жыйынында айтылган дагы бир урунттуу маалымат: Быйыл жазында мергендерди сактоо учурунда министрликтин тикучагы Атбашынын Арпасында кырсыкка учураган эле. Ошондон кийин министрликтин карамагында эки тикучак калган. Анын бири иштеп жатат. Жаңылык ушул – Кошмо Штаттары өнөктөштүк программасынын алкагында министрликке Орусиядан чыгуучу МИ-8 тикучагынан үчтү жарым жылдын ичинде сатып берүүгө убада берген.
XS
SM
MD
LG