Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Таласта үч депутат мандатынан ажыратылды


ТАЛАС. Талас облустук шайлоо комиссиясынан 5-ноябрда алынган маалыматка караганда 10-октябрда өткөн шайлоодо Манас районундагы Кайынды айылдык кеңешинин аймагындагы №1 Нылды жана №2 Арал шайлоо округдарында участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кайра оңдоп жазуу менен Базаркул Алымбаев, Кеңешбек Кермалиев жана Аалы Сарыкөмөнов депутат болуп калышкан. Буга нааразы болгон Нылды, Кайынды айылдарынын шайлоочулары 12-октябрдан бери нааразычылык акцияларын уюштуруп, райондук, облустук шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына чейин арызданышкан. Атайын иликтөөлөрдөн соң шайлоочулардын дооматтары ырас болуп чыкты. Облустук шайлоокомдун токтому менен Камчыбек Жөнөтбаев, Самүдүн Давлеталиев, Нурбек Исраиловго депутаттык мандаттары кайтарылып берилди. Протоколдорду оңдоп жаздырткандар жана ага жол берген участкалык комиссия мүчөлөрүнүн үстүнөн прокуратурага документтер даярдалып жаткандыгын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын Талас бөлүмүнөн да маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG