Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Кыргызстанда жер көчкүлөр күчөдү


БИШКЕК. 1992-2004-жылдары Кыргызстанда орун алган ар кандай табигый кырсыктардан 580 адам набыт кетти. Орто эсеп менен өлкөдө жылына 48 адам табигый кырсыктардын курмандыгы болгон.

2004-жылдын 9 айында эле 143 чукул кырдаал түзүлүп, андан 85 адам каза тапты. Алардын ичинде ушул жылдын август айында Хан-Теңир чокусундагы кар көчкүдөн каза болгон 11 чет өлкөлүк атуул да бар.

Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинен маалымдашкандай, өткөн он жылдын ичинде болгон табигый кырсыктардын кесепетинен өлкөгө 420 млн. АКШ долларына жакын зыян келтирилди.

2004-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин кооптуу жайлардан 1608 үй-бүлө көчүрүлсүн деген көрсөтмө берилген. Бул жылы өлкө боюнча 1345 кооптуу жайлар илктөөгө алынды. Жыл сайын жер көчкү болушу ыктымал делген кооптуу аймактар көбөйүүдө. Эгер өткөн жылы алардын саны 3 миңге жакын болсо, быйыл 4 миңге чейин көбөйгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG