Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Ошто ички каттамдардын айдоочуларынын иш таштоосу уланууда


ОШ. Шаардык бийликтер менен бир пикирге келе албай жаткандыктан ички каттамдардын айдоочулары бүгүн да жумушка чыгышкан жок. Шаардык транспорттун жоктугунан үйүнөн жумушуна же болбосо ишинен үйүнө баралбай отурган жүргүнчүлөр аялдамаларда толуп кетти. Мүмкүнчүлүгү бар жумушчулар гана жеңил автоунаалардын кызматынан пайдаланышууда. Эртең мененден аялдамаларда ишине, окуусуна өз убагында баралбай кечиккен жүргүнчүлөр шаар бийликтерине жана ушундай кырдаалды түзүп жатышкан айдоочуларга кыжырданууларын билдирүүдө.

Ырасмий эмес маалыматтарга караганда жүргүнчүлөрдүн айрым өкүлдөрү жүрбөй турган маршруттук таксилердин терезелерин сындырууга чейин барган. Айдоочулар шаардык бийликтерден жол акысынын баасын көтөрүү, ал эми жүргүнчүлөрдүн ун өкүлдөрү мындай аракетке жол бербөө талаптары менен чыгышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG