Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Акыйкатчы парламентке отчёт берди


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынында Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун «2003-жылы Кыргыз Республикасында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталыш абалы жөнүндөгү» баяндамасы угулду. Анда Турсунбай Бакир уулу өлкөдө адам укуктарынын бузулуп жактандыгына, сот системасындагы жана тартип коргоо органдарынын ишиндеги кемчиликтерге, жаза өтөө жайларындагы оор абалга токтолду. Ошону менен бирге ал Акыйкатчынын аппаратындагы кемчиликтер жөнүндө да айтып, Омбудсмен институтунун укуктук базасын чыңдоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Турсунбай Бакир уулунун маалыматы боюнча өткөн жылдын ичинде 14 миңден ашуун арыз түштү. Анын ичинен 3 миңге жакыны Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен оң чечилген. Палатанын депутаттары жалпысынан Омбудсмендин 2003-жылдагы ишмердүүлүгүн жактырган Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган токтомду жактырышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG