Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Президент Аскар Акаев АКШнын президенти Жорж Бушту куттуктады


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев АКШнын президенти Жорж Бушка кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Анда президенттик шайлоодо Буштун жеңиши Америка элининин ага жана анын жүргүзгөн саясатына болгон жогорку ишенимин айгинелегендиги, Кыргызстан АКШ менен болгон достук мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээри, Кыргызстан мындан ары да эларалык терроризмге каршы күрөшүүдө АКШ менен өнөктөш өлкө болуп кала бере тургандыгы жөнүндө айтылган.

Куттуктоодо ошондой эле АКШ Кыргызстан үчүн негизги донор-өлкөлөрдүн бири экендиги жана өлкөдөгү демократиялык жараяндарды жүргүзүүгө өзүнүн салымын кошуп жаткандыгы тууралуу белгиленген. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG