Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Төрага Ясир Арафат Париж алдындагы ооруканада эс-учу жок жатат


Палестинанын Франциядагы өкүлү Лейла Шахиддин айтымында, төрага Ясир Арафат азыр Париж алдындагы ооруканада эс-учун жоготуп жатат. Шахид "Арафаттын мээси өлүп, доктурлардын күчү менен гана тирүү" деген маалыматты жокко чыгарды.

Жетимиш беш жаштагы Арафат Парижге 29-октябрда жеткирилген жана анын алдында Рамалла шаарында 27-октябрда дагы эс-учун жоготуп жыгылган. Палестина автономиясынын жетекчилиги шашылыш жыйын өткөрүп, төраганын кээ бир бийлик укуктарын премьер-министр Ахмед Куреиге өткөрүп берди.

XS
SM
MD
LG