Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

АРАФАТТЫН САЛАМАТТЫГЫ КЕСКИН НАЧАРЛАДЫ


Париждин чет жакасындагы аскердик ооруканада дарыланып жаткан палестин лидери Йасир Арафат өлүм менен өмүрдүн ортосунда калганы кабардалууда. 75 жаштагы карыя саясатчы палестин боштондук кыймылынын символу катары таанымал. Палестиндер “Арафаттын саясий мураскору ким болот, анын сөөгү кайсы жерге коюлушу керек?” деген сыяктуу суроолорду эмитеден эле талкуулоодо.

Палестин бийлигинин басма сөз өкүлү Лейла Шахид айым Йасир Арафаттын борбордук нерв системасы керектен чыгып калды деген жоромолдорду бүгүн төгүндөдү. Шахиддин айтымында, Арафат эс-учу жок жатат, бирок анын жашоо үчүн өзөккү мааниге ээ дене мүчөлөрү мурдагы калыбында.

Палестин премьер-министри Ахмед Корейи бүгүн Иордандын Батыш жээгинде журналисттерге кайрылып, кырдаалды мындайча сыпаттады:

- Арафат мыкты дарыгерлердин көзөмөлү алдында дарыланууда. Француз эли, француз өкмөтү ага жетишээрлик камкордук кылып жатат.

Йасир Арафаттын ооорусунун сыры дагы эле айкын эмес.

Учурда палестин жетекчилиги эгерде Йасир Арафаттын көзү өтсө, ордуна ким келишим керек деген маселе боюнча талкуу жүргүзүүдө. Йасир Арафат өзү эч кимди өзүнүн мураскору катары атаган эмес.

Арафаттын «Фатх» уюмунун өкүлү Жамал ат-Тирави жума күнү мекендештерине кайрылып, ар кыл саясий топтор жалпы улуттук кызыкчылыкты, саясий ынтымакты чакан топтун мүдөөсүнөн жогору коюшу керектигин эске салды.

- Биз атайын саясий максаты бар палестиндиктерге кайрылып, ашыкпоого чакыруудабыз. Йасир Арафат палестиндик институттарды демократиялык нукта негиздеген, мындай институттар көптөгөн өлкөлөрдө алигиче жок.

Учурда кызуу талаш туудурган дагы бир маселе – “Йасир Арафаттын көзү өтүп кетсе, аны кайсы жерде түбөлүк жайына беребиз?” деген суроо.

Палестин тышкы иштер министри Набил Шаас жума күнү кабарчылардын алдында чыгып сүйлөп, Арафаттын сөөгү Куддуста (башкача айтканда – Ирерусалимде) жерге берилет деген долбоорду айтты:

- Иерусалимди ордо шаар кыла турган көз каранды эмес Палестин мамлекети түзүлмөкчү. Президент Арафат дагы бир жыл жашайбы, же он чакты жыл жашайбы, айтор, сааты келгенде, ал өзүнүн кайсы жайда коюлаарын тандай турган учур болот. Албетте, бул түбөлүк жай – анын атажуртунан сырткаркы жерде эмес, анын өзүнүн өлкөсүндө болот.

Ал эми израилдик бийлик бул долбоорду жактырбашы мүмкүн. Маселен, израилдик серепчи Дэнни Рубинштейн мындай дейт:

- Эгерде ал Иерусалимде жерге берилчү болсо, анда бул чоң символдук кадам болоор эле. Ошондуктан, Израил Арафатты Иерусалимде көмүүгө уруксат кылбайт, себеби бул кадам палестиндиктердин Иерусалимге карата саясий укугу бар экендигин Израил кыйыр түрдө таанып жатат дегенди туюнтаар эле.

Лондондук саясат таануучу Надим Шехади сыяктуу айрым серепчилердин оюнча, эгерде Арафаттын көзү өтүп кетсе, анда палестиндиктердин басымдуу көпчүлүгү урматтаган ал сыяктуу ишмерлер пайда болгонго чейин Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны жарга кептелген абалында кала бериши ыктымалдан алыс эмес.

XS
SM
MD
LG