Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

«КЫРГЫЗ ТУУСУ» ГЕЗИТИ 80 ЖАШТА


5-ноябрда Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында төл гезит «Кыргыз туусу» басылмасынын 80 жылдык мааракеси белгиленди.

Мындан 80 жыл илгери негизделген ошондогу «Эркин тоо» – бүгүнкү «Кыргыз туусу» гезитинин мааракелик салтанатын гезиттин баш редактору Абдиламит Матисаков ачты:

- Бүгүн касиеттүү Алатоо жергесинде чоң салтанат. Мамлекеттик тарыхы дээрлик ХХII кылымга уланган кыргыз элинин санжыргалуу өмүр жолунда 1-жолу жарыкка чыккан төл гезитибизге 80 жыл толду.

Андан кийин куттуктоо сөзүн Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов айтты:

-«Кыргыз туусу» гезитинин 80 жылдык тою менен бири-бирибизди куттуктайбыз, себеби бул гезит баарыбыздын орток гезитибиз. Анын эң башкы чордону – бул биздин байыркы бабалар – Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Аалы Токомбаев сыяктуу улуу бабаларыбыз түптөгөн «Эркин тоо» гезитине барып такалат. Ошол «Эркин тоо» гезитинен тутанган учкун азыркы күндө «Кыргыз туусу» болуп, эгемен Кыргызстандын эгемен гезити болуп баарыбыз жазып, баарыбыз окуган гезит болуп отурат.

Сөзүнүн соңунда Осмонакун Ибраимов «Кыргыз туусу» гезитинин саясий баяндамачысы Мундузбек Тентимишевге «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын жана гезиттин оператору Азатгүл Ашымкулова менен гезиттин экономикалык баяндамачысы Токтосун Өскөновго Кыргыз республикасынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Ал эми 1-вице премьер-министри Токтобүбү Айтикеева «Кыргыз туусу» гезитинин кыргыз элинин улуттук жүзүн чагылтуудагы ордун белгиледи:

-Гезиттин чыгармачылык жүзү болгон убакыт ХХ кылымда калыптанды. Ал эми азыр болсо гезиттердин негизги функциясы - социалдык функция болуп келатат. Кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн сактап калууда «Кыргыз туусунун» орду чоң.

Алгач 1924-жылы 1 бет болуп жарыкка чыккан «Эркин тоо» бүгүн 24 бетке өстү. Кийинки кезде гезитте «Жан дүйнө», «Каттар келет каркырадай», «Издейм сени» жана башка жаңы беттер пайда болду. Маараке алдында «Кыргыз туусу» гезитинин баш редактору Абдиламит Матисаковго жолугуп маектешкен элек:

-«Жандүйнө» рубрикабыздан ички сырларын, көйгөйлөрүн окурмандар менен бөлүшкүсү келген авторлорго орун беребиз. «Биринчи байлык ден соолук», «Каттар келет каркырадай» деген бетибиз бар. Бул бетте эл арасынан, өзгөчө элеттен келген көп көйгөйлөрдү камтыган каттар оңдолбой -түздөлбөй жарыяланып жүрөт. Ошондой эле «Бала чак», «Балтатым», «Күүгүмдөгү коңгуроо», «Издейм сени» деген жаңы беттерибиз пайда болду.
XS
SM
MD
LG