Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Каракол шаарындагы мектептерди телефон аркылуу коркутушууда


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук билим берүү башкармалыгынан жана Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча "шаардагы Пржевальский атындагы орто мектебине, Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейине бомба коюлган, ал жарылат, окуучулардын өмүрү коркунучта" деп белгисиз бирөө телефон чалган. Бул кабарды угаар менен эле аталган мектептерден окуучулар чыгарылып, сабактар үзгүлтүккө учураган. Шаардагы тартип органдары иликтөө жүргүзгөн учурда мугалимдердин, окуучулардын жана жергиктүү жетекчилердин үрөйүн учурган бул маалымат жалган болуп чыкты.

Бирок арадан аз убакыт өтпөй эле шаардагы №4 мектеп-гимназиясына да бир өспүрүм мектепке бомба коюлгандыгын телефон аркылуу кабарлаган. Аталган мектепте да окуу үзгүлтүккө учурап, ата-энелер, мугалимдер бүлүккө түштү. Учурда тартип коргоо органдары мындай телефон оюндары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG