Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Жаңы үлгүдөгү паспорттор ушул айда бериле баштайт


БИШКЕК. Кыргызстандын атуулдарына жаңы үлгүдөгү паспорттор ноябрь айынын аягына чейин бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт алдындагы маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Юрий Лысогоров билдирди.

Жаңы үлгүдөгү паспорттор менен Кыргызстандын атуулдары 1-декабрдан тарта чет өлкөлөргө чыга алышат. Бул паспорттордун берилишинин кечиктирлиши бир катар техникалык себептерге байланыштуу болууда. Буга чейин тышкы иштер министрлиги жаңы паспорттордун үлгүлөрүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине жиберген. Атуулдарга алардын арыздары берилгенден тартып бир айдын ичинде жаңы паспорттор берилмекчи.

XS
SM
MD
LG