Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

Азия банкынын президентин мамлекет жетекчилери кабыл алышты


БИШКЕК. 6-ноябрда өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Тадао Чино менен жолугушту. Анда банк Кыргызстанда турмушка ашырып жаткан долбоорлор жөнүндө сөз болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ири кредиторлорунун бири. Ал Бишкек-Ош жолун оңдоого, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына, "Таза суу" долбооруна каражат бөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG