Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге ачык кат жолдоду. Депутаттын айтымында буга себеп - алыскы Алайкуу өрөөнүнүн жолунда болгон автокырсыктар жана андан каза табышкан адамдардын ырасмий бийлик тарабынан күнөөлөнүшү. Дүйшөн Чотонов "бир эле эмес бир нече жолу болуп, элүүгө жакын адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсыктар азыркы бийликтин начар иштеп жаткандыгынан улам болуп жатат" деп эсептейт.

Ош облусунун эң четки аймактарынын бири - Алайкуу өрөөнүнө алып баруучу жол опурталдуу болуп калганын жергиликтүү тургундар эле эмес, адистер да айтышат. Өткөн жылы киши ташып бараткан «УАЗ» автомашинасы бийик кырдан кулап кетип, 17 адам каза болгон. Ал эми быйыл 19-сентябрда ошол эле жолдон «КавЗ» автобусу аңтарылып, 19 адамдын өмүрүн алып кетти.

Депутат Дүйшөн Чотоновдун айтымында Кыргызстандын президентине ачуу жазылган ачык каттын жолдонушуна 19-сентябрь күнкү ошол окуяга ырасмий бийлик тарабынан туура эмес баа берилип, жыйынтык чыгарылышы себеп болгон:

-«Өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, "баары арак ичкен, мас экен, ырдап-күлүп баратышып, авария болушуптур" деп шылдыңдаганы он беш жылдан берки жасалбай келаткан ишин, элге берген өздөрүнүн убадасынын аткарылбай калганын көз боёмолоп, маселени башка нукка буруп кетүүгө болгон аракети. Ачык эле моюндарына алып, жолдо ушундай болду деп, элден кечирим сурап, жолдун көйгөйүн чечүүнүн ордуна жанагындай көз боёмочулукка барып жатышкандыгынан улам ушул сөздү айтып отурам.

Катта Алайкуу жолун оңдоо тууралуу бийлик ээлери тарабынан көп убадалар берилип, бирок ишке ашпай калгандыгы тууралуу да жазылган. Ал тууралуу депутат Дүйшөн Чотонов мындай пикирде:

-1997-жылы президент тикучма менен барып, «бир жылдан кийин келип, алтын-сурьма кенин ачам» деп убада берип кеткен, андан бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе жок. 2001-жылы Каракулжадан Жогорку Кеңешке Үсөн Сыдыков депутаттыкка шайлангандагы ызы-чуудан кийин элдин оозун басуу үчүн, көңүлүн алагды кылуу үчүн 96 миллион сом бөлүү тууралуу токтом токушкан. "Үч жылдын ичинде 96 миллион сом берилет" деген, андан да бир тыйын кабар жок.

Алайкуу өрөөнүнүн эли ушул мезгилге чейин тышкы дүйнө менен байланыштырып турган жолду оңдоп берүүсүн өтүнүп, барбаган жери калган эмес. Алайкуулук тургундардын бири - Токтобай Төрөгелдиев бийлик ээлери элди күнөөлөгөндүн ордуна кырсыктын алдын алууга аракет жасоого тийиш деп эсептейт. Анын айтымында бийлик тарабынан автокырсыктан каза тапкан 19 адамдын өздөрүнүн күнөөлөнүшү алайкуулуктардык ачуусуна тийип, кыжырдануусун туудуруп жатат.

Каракулжа аймагынан шайланган дагы бир депутат Замирбек Парманкулов бул маселеге карата оюн айтты:

-"Эки тизгин, бир чылбырды" кармап отурган атуулдар барып алып элге кайрат айтуунун, «жолду оңдойбуз, колдон келгенди жасайбыз, жардам беребиз» дегендин ордуна, «буга шоопур күнөөлүү, ичип алыптыр» деп, жаракат алып, ооруканада жаткан аламдарды суракка алганынын өзүн элди шылдыңдоо катары көрөм.

Ал эми транспорт жана байланыш министринин 1-орун басары Кубанычбек Мамаевге кайрылганыбызда ал 19-сентябрдагы автокырсык жолдун жамандыгынан болбогондугун айтты:

-Биз көрдүк, дал ошол кырсык болгон жерден машина жүрүүгө болот, андай деле коркунучтуу жер эмес. Автобус коркунучтуу жерлерден өтүп келген. Кырсык болгон жол айылга жакын жердеги тоонун боорундагы түз эле жол экен, автобус ошол жерден түз келип токтобостон жарга кирип кеткен. Алдында келе жаткан машина да болгон эмес.

Сүрөттө: Алайкуунун жолунан бир көрүнүш.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG