Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

"БЕТМЕ-БЕТ" ТАЙМАШЫ: АДАХАН МАДУМАРОВ МЕНЕН РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынында бир айдан бери Электр тармагындагы айрым ишканаларды менчиктештирүү маселеси көтөрүлүп келет. Айрым экперттердин иликтөөсүнө караганда өкмөт тарабынан сунуш кылынып жаткан бул маселенин өтүш-өтпөшү парламенттик кризисти жаратышы ыктымал. «Азаттык» радиосунда жаңыдан уюштурулуп жаткан «Бетме-бет» аттуу рубрикада ушул маселе талкууга алынып, анын алгачкы каармандары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров болду.

Биздин студиябызга Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров келишкен.

Мыйзам чыгаруу жыйынында бир айдан бери энергетика тармагындагы айрым бир ишканаларды менчиктештирүү боюнча талкуу жүрүп келет. Мына ушул маселе боюнча «Азаттык» радиосунда алгачкы жолу обого чыгып жаткан “Бетме бет” рубрикасында пикирлердин таймашуусу, кагылышуусу болмокчу. Бул жаңы рубриканын тушоосун да сиздер кесип жатасыздар.

Анда алгачкы суроо - ошол электр тармактарын менчиктештирүү кыргыз элине кандай пайда алып келет? Кыргызстандын келечеги үчүн кандай кызмат кылат? Равшан мырза, сөз сизде:


- Рахмат. Бул маселе боюнча өкмөттүн позициясы мындай болуп чечилди. Биз энергетика тармагын, анын ичинде жалпысынан электр бөлүүчү компанияны убактылуу консессияга же убактылуу башкарууга берели деп чечим кабыл алдык. Ушул мыйзамдын долбоорун өткөрүү боюнча Жогорку Кеңеште иш жүрүүдө. Өкмөттүн өкүлү болгонумдан кийин мен өкмөттүн позициясына токтолгум келет. Биздин оюбузча азыркы күндө бир топ проблемалар бар. Аларды чечүүгө мамлекеттин бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү болбой атат. Биз өзүбүздүн кетирген кемчилдигибизди же күчүбүз жетпей жаткан нерсени ачык айтып жатабыз. Ошон үчүн биз убактылуу башка бир компанияга башкарууга берели. Алар кандайдыр бир системага салсын, элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртсын, колунан келсе, эгерде мүмкүнчүлүк болсо тарифти ылдыйлатсын деген максатта, дагы бир төртүнчү себеби - инвестиция алып келсин деген максатта башкарууга берели деп чечим кабыл алдык.

-Ырахмат. Адахан мырза, эми кезек сизде:

- Мен Равшан Бабырбековичтин айткан пикирине түздөн түз каршымын. Себеби бул биздин тарыхыбызда болуп келген окуя. Эсиңиздерде болсо 1993-94-жылдары "Кыргызэнерго" тармагын холдинг компаниясы кылып түзүп, ал иштесе дүркүрөп, жаадырап-жайнап өсүп кетебиз деген президент Акаевдин өзүнүн сөзү. Холдинг компаниясына айландырсак келечегибиз холдингдин аркасында болот деген. Андан көп өтпөй эле туруктуу турган энергокомпанияны үчкө бөлүп салбасак болбойт экен, келечегибиз ушунун аркасында деген аргументи менен кайра депутаттарга кайрылган. Анысы дагы эч бир ишке ашпастан азыр туруктуу турган мекеме-ишкананы үчкө бөлүп салган. Ошону менчиктештирип жатканда да, үчкө бөлүп жатканда да биз каршы чыкканбыз. Ошондо да айткан "төлөөлөр аз болуп атат, жоготуулар көп болууда, үчкө бөлүп салгандан кийин биз жаадырап- жайнап, жыргап, Кувейт болуп калабыз" деген. Ал убадасы да биздин жалпы Кыргызстандын жарандарынын эсинде болуш керек. Андан эки жыл өтүп-өтпөстөн эми айтып атат "биз менчикке сатышыбыз керек экен" деп. Мен ачык айтып коюшум керек: бул - Кыргыз мамлекетинин экономикалык көз карандысыздыгына, керек болсо саясий көз карандысыздыгына өтө катуу шек келтире турган нерсе. Менчикке алгандан кийин, азыр Равшан айтып өттү, башкарууга убактылуу берсек деп. Башкарууга келгенде эмне үчүн Кыргызстан башкара албайт, эгер Кыргызстан башкара албаган болбосо, эмне үчүн жеке президент өзүнүн башкаруусуна албайт? Эгерде ошого акылы жетпеген болсо эмне үчүн өкмөттү, анын жетекчилерин кармап отурат. Азыр Жээнбеков мырза айтып өттү, бул тарифтерди азайтуунун жолу деп. Бул кып-кызыл жалган. Менин колумда Эларалык валюта корунун Бишкектеги өкүлү Лавлейстин каты турат. Ал ачыктан-ачык Акаевге жазып атат, «сиз түздөн-түз ар бир депутат менен жеке өзүңүз иштешиңиз керек, менчиктештирүүнү тездетип, кечеңдеттирбестен кабыл алып беришиңиз керек. Мына ошондо жеке ишкана болобу, же болбосо кары-картаңдардын үйлөрү болобу бүт тарифтерин бирдей деңгээлге көтөрүшүңүз" керек деп. Анын суммасын да жазып коюптур Лавлейс мырза - "1 сом 10 тыйынга чыгарышыңыз керек» деп. "Эгер мындай болбой турган болсо биз МВФ, Париж клубу аркылуу силерди коркутабыз, жегениңердин баарын кайра кайтартып алабыз деген" тариздеги каты биздин колубузда турат. Эми болгонун болгондой айтып коюшубуз керек, Кудай кимге канча өмүр берет, эртең-бүрсүгүнү заман өзгөрөт. Биз менчиктештирүүнүн аркасынан ушул завод өнүгүп, гүлдөп кетет деп бүт барын менчиктештирип келдик. Бүгүн кайсы гүлдөп кеткен завод бар, мен 13 жылдан бери көрө элекмин. Бул энергетика тармагы деле менчиктештирилген болсо дал ошол завод, фабрикалардын кейпин кийет.

- Энергетика тармагындагы айрым ишканалардын менчиктештирилүүсү тармактагы кризисти жоюуга жол ачабы? Сөз кайрадан сизде, Адахан мырза:

- Кризисти убактылуу токтотушу мүмкүн. Мына Париж клубу Акаевди, Кыргыз өкмөтүн жарга такап койгон азыр. "Эгер ушул жол менен барсаң биз 450 миллиондун тегерегиндеги долларды кечишибиз мүмкүн. Эгер ушул жолго барбай турган болсоң анда ошону төлөйсүң" деп жатат. Саясий жактан алып караганда, эгер ушул жолго барса Акаевдин бийлиги кайра узарышы мүмкүн, барбай турган болсо ага чекит коюлат дагы, анан кетүүдөн башка аргасы калбай калат. Бүгүнкү Кыргыз өкмөтү дагы, кыргыз президенти дагы келечектеги Кыргызстандын экономикасына же энергетика тармагы жөнүндө күйүп-бышып жаткан жери жок. Ошондуктан жыйырма күндөн бери Жогорку Кеңеш курчоого алынган. Тиешеси бар министрлер, тиешеси жок губернаторлордун бүт баары чакыртылган. Ар бир губернатор жеке өзүнүн облусунан шайланган депутаттар менен иштеп атат. Мына ушул жолго барып, бүгүнкү кызыкчылыгыбызды ойлоп, биз келечектеги муундун мойнуна сыйыртмакты илип коюп атабыз. Күн өткөн сайын ал сыйыртмык күчөсө күчөйт, жанагы Маңкурттун башына кийгизилген курумшу тери сыяктуу болуп.

- Равшан мырза сиздин пикириңиз?

- Мен дагы өзүмдүн оюмду айтып кетейин. Адахан мырза айтып кетпедиби, башында эле президент келип ушундай кылсак эле бары жакшы болот деп айтты деп. Мен андай сөздү укпаптырмын. Бирок жалпысынан айта алам, менин оюмча мамлекет башчыбыздын ою мындай болгон: биз кандайдыр бир реформага барышыбыз керек, бул кайсы бир баскычы. Азыр биз болгону үчүнчү баскычын бүтүп, төртүнчү акыркы баскычына өтөлү деп атабыз. Жарым-жартылай боюнда бар болбойт, же төрөшүбүз керек же боюнда болбошу керек деген сөз. Биз реформаны аягына чейин чыгарышыбыз керек же баштабашыбыз керек болчу. Биз азыркы күндө энергетика тармагында бүт бардык проблеманы билебиз. Мурда «Кыргыз энергохолдинг» болуп турганда биринен түшкөн пайданын эсебинен экинчисин жаап келген. Ошол үчүн биз анын ичиндеги проблеманын бардыгын билген эмеспиз. Бүгүнкү күндө биз кайсы жерде начар, алсыз жагыбыз бар, бардыгын билдик. Эми айтып атабыз төртүнчү кадамды жасайлы, биротоло бүтүрөлү деп. Бүтүрүп, жеке менчикке убактылуу башкарууга берип туруп, андан кийин энергетика тармагын көтөрөлү деп атабыз. Бул эч кандай кыргыз элине кылып аткан каршы иш эмес. Бул экономикалык процесс. Процесс жарым-жартылай болбойт. Биз энергосектор элге жакшы кызмат көрсөтүш үчүн, тарифти арзандатыш үчүн сөзсүз түрдө жок дегенде убактылуу жеке менчик ээсине өткөрүп беришибиз керек. Биз ошон үчүн айтып атабыз, мүмкүн жыйырма жылга, мүмкүн отуз жылга деп. Анткени бүгүнкү күндө мамлекет чече албай жатат. Ал эми инвестиция азыркы күндө жетпей атат. 50 миллиондон 150 миллион долларга чейин азыр "Түндүкэлектрого" акча керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин бюджетинде андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан биз азыр ушул проблеманы чечиш үчүн гана берип атабыз. Эгерде муну жасабасак бүгүнкү коньюктурада биздин экономикалык абалыбыз бүтүн энергосекторду жакшы кармап турууга мүмкүнчүлүк бербейт. Эгерде бүгүн чечпей калтыра турган болсок, анда абалыбыз эртең мындан да оордоп кетет.

- Мына ушул электр тармагын менчиктештирүү, бул сырткы финансылык уюмдардын, же болбосо кошуна бир өлкөлөрдүн басымы менен жасалып жаткан жокбу? Ушул маселе тууралуу силердин пикириңиздер кандай? Кепти сиз баштасаңыз, Адахан мырза:

- Мен сөзүмдүн башында айттым, Кыргызстан миң жерден эгемендүүбүз деп кыйкырганыбыз менен бюджетибизди да өзүбүз бекитпейбиз, салык саясатын да өзүбүз жүргүзбөйбүз, мекеме, ишкана уюмдарды да өзүбүз тейлебейбиз. Банк системасына түздөн-түз Казакстандын өкүлдөрү кирип келди. Ал дагы бүтүн "Кыргызстандын ардактуу күйөө баласынын" аркасы менен кирип аткандыгын көрүп турасыздар. Канттагы цемент-шифер заводду дагы ошол "Кыргызстандын күйөө баласыныкы" деген маалыматтарды угуп жүрөбүз. Кайыңдыдагы кант заводу дагы кандай болуп сатылгандыгын өзүңүз билесиз. Мен өткөндө Жээнбеков мырзага суроо бергемин: "кандай шартта, кимге, канчага сатылган, качан төлөндү анын акчасы?" деген. Бирок жооп ала элекмин. "Ушундай болуп эле гүлдөп кетебиз, башка аргабыз жок, башка чарабыз жок" деп ыйлагандардын баарына айткым келет: "отставкага кеткиле!" Силерди башкарат, элди, мамлекетти кармайт деп эл жалдаган ошол кызматка. Ошол жерге барып алып туруп "колубуздан келбей атат, чет өлкөдөн бирөө келип жасап бериши керек бизге" деген өкмөттүн бизге эмне кереги бар. Равшан Бабырбекович айтып атат "өкмөттүн колунан келбейт, өкмөттүн азыркы күндө акчасы жок" деп. Анда айтсын "биздин колубуздан келбейт, биз отставкага кетели" деп. "Биздин колдон келет, биз табабыз, биз ошондой жол менен алып барабыз, бул энергетика тармагы болобу, башка тармактар болобу, жеке кыргыз мамлкетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн гана иштейбиз!" деген эр-азаматтарга эмне үчүн бошотуп бербейт орунду. Бул жерде чоң акчанын тегерегинде сөз болуп атат, дагы бир жолу баса белгилеп айтып койгум келет, бул - бир жагы. Экинчи жагы, эгемендүүлүк тууралуу сөз болгондо, сууга да баш-көз болууну дагы алар өз колуна алат. Суу - Кыргызстандын маңдайында бүткөн негизги байлыгы экен, аны дагы ошолор тейлеп калат. Мына ошол дагы Лавлейстин катында турат. Эгерде төлөбөй турган болсо, бюджеттик мекеме болобу, башка болобу, ошонусуна карабастан кескин түрдө өчүрүлөт деп. Элестетип көрсөңүз, ооруканалар, Кыргызстандын коргоо министрлиги, Кыргызстан улуттук коопсуздук кызматы, Ак үй, Жогорку Кеңеш өчүрүлөт. Кан куйулуп жаткан же төрөттү кабыл алып жаткан ооруканалардын өчүрүлүшүн элестетип көрсөңүз. Мен аны асмандан алып жаткан жокмун. Равшан мырза өзү да ошол катты, андагы талапты көргөн болушу керек. Мына алардын койгон талабы ушундай.

- Эми кезек сизде - Равшан мырза:

- Сиз туура айтып атасыз "сырткы күчтөрдүн кандайдыр бир чечимди кабыл алышка таасири барбы?" деп. Кандайдыр бир деңгээлде Адахан мырза айткандай, каттарын окугандан кийин сөзсүз түрдө адамдар айтышы мүмкүн "чын эле тышкы күчтөрдүн таасири, кийлигишүүсү бар" деп. Мен айтаар элем, эң негизи чечим бул тескерисинче биздин экономикалык ички абалды оңдош үчүн жасалып аткан нерсе. Ал эми тышкы күчтөр кандайдыр бир шарттарды гана коюп атат. Эгерде ушуну силер жасасаңар мүмкүн жакшы болот деп. Тышкы күчтөр бизге эч убакта айта албайт, сөзсүз түрдө ушундай кылгыла деп, бизге рекомендация гана бериши мүмкүн. Биз аны аткарабызбы, аткарбайбызбы ал биздин өкмөттүн иши. Тилекке каршы, кээ бир убакта аткарышка туура келип атат, кээ бир убакта аткарбашка туура келип атат. Бирок мен айтар элем: бүгүнкү күндөгү энергетикалык компаниялардын абалы бизди ушул чечимди кабыл алышка түртүп атат. Бул чечимди биз элге каршы кабыл алып жаткан жокпуз, бүгүн кыйналабыз, бүгүн ансыз да кыйналып атабыз, ансыз да көп жерде свет өчүп атат, ансыз да трансформаторлор жетпей атат, уурдоолор болуп атат. Бүгүн кыйналганыбыз менен мүмкүн стратегиялык максатта ушул проблеманы чече алабызбы деген максат болуп атат. Адахан мырза да бизди көп күнөөлөп кетпедиби, Кайыңды кантты жана башка нерселерди туура эмес саткан деп. Мен андай деп айта албас элем. Ар бир нерсени туура эмес саткан болсо, укук коргоо органдары бар, алар сөзсүз түрдө карап чыгып, өздөрүнүн оюн айтат. Мен ырасмий түрдө айта алам - алардын баардыгынын убагында акчасы төлөнгөн. Мен ушул жерден ырасмий түрдө жооп бергим келет: энергетика тармагын келечекте жеке менчикке бере турган болсок, анда сөзсүз түрдө жакшы болот! Эмне үчүн? Эгерде жеке менчик ээси кыйналса, акчасы жок болсо өзүнүкү жок болот. Ал эми пайда тапса өзүнө табат. Бүгүнкү күндө мамлекеттин атынан иштеп аткан менеджерлер мамлекеттин, компаниянын кызыкчылыгына карата жакшы иштебей жатышат. Адахан мырза айтып атпайбы, ооруканаларды, аскер кызматчыларынын объектилерин өчүрөт деп.

-А.М.: -Менчике өтсө.
-Р.Ж.: -Менчике өтпөй туруп өчүрүшүбүз керек.
-А.М.: - Эмне үчүн?
-Р.Ж.: - Анткени энергетикалык компаниялар экономиканын субъектиси болуп эсептелинет. Алар үчүн айырма жок - аскер кызматыбы, ооруканабы, башкабы. Алар пайда табышы керек. Биз бүгүнкү күндө аскер кызматына, ооруканага, мектепке жардам беребиз деп отуруп энергетика тармагын ушул абалга алып келип отурабыз.

-Сиздин оюңуз кандай, Адахан мырза?

- Мен бул аргументтердин баарын таптакыр четке кагам. Биз жаңы эле Алматыдан келдик. Мына ошол Алматыдагы баштагы министрлер, губернаторлор, акимдер "Кыргызстан энергетиканы сатсанар күнүңөр бүтөт!" деп айтып отурат. Себеби казактар муну башынан өткөргөн. Эсиңизде барбы - 1994-95-жылдары энергетика тармагын чет өлкөгө сатып жиберип, анан үч жыл өткөндөн кийин 2-3 эсе кымбат баа менен кайра Казакстан мамлекети сатып алганга мажбур болду. Ошондо менин эсимде бар, аэропорттордо переноскалар менен жүрүп калышкан. Равшан мырза, мына эми чындыгын айтты - "оорукана болобу, башкасы болобу бүт баары өчүрүлүшү керек" деп. Сиз элестетип көрсөңүз Ак үй, коргоо министрлиги же жүрөккө операция жасап жаткан оорукана электр кубатысыз калганын. Булардын негизги милдети - адам өлсө өлсүн, менин чөнтөгүм акчага толсун деген саясат. Бул Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине каршы жасалып жаткан саясат деп эсептейм. Ошондуктан биздин депутаттарыбызга Кудай ынсап берсин деп айткым келет. Атаңдын башын алып кел, сен ушул кызматка барасың десе ошого макул болгон да депутаттар бар арабызда, муну ачык айтып коюшубуз керек. Анан биз көпчүлүкпүз, биз чечебиз деп каалаган максатты коюп алып ошол жолго бара бергенден эртең-бүрсүгүнү Кыргызстан бүгүнкү чөгөлөп турган мезгилинен да катуу чөгөлөп калат. Мен суу факторун айттым. Суу факторунун негизги ээси пайда болуп калгандан кийин Борбордук Азияны чөгөлөтүп койчу рычагды колго алат ошол менчик компаниялар. Биз Башкы прокуратурага тапшыралы деп атабыз, ошол менчиктештирүүнүн он жылдан берки жыйынтыгы боюнча. Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, депутаттардын алдына комиссия түзүлүп үч тараптуу, элге ачыгын айталы, деп токтом сунуш кылсак ал өтпөйт. Себеби жанагы депутаттардын арасында кылтыйып кекиртегинен илинип алгандар да бар. Аны Ак үй билет, бүгүнкү күндө ар биринин тизмеси бар. Түндө уктап, температурасы 40ка чыгып аткандарды да сүйрөп келип столго отургузуп атат. Эгер ушунчалык ачык экен, элдин кызыкчылыгы үчүн болуп атыптыр, эмне үчүн Акаев келип түшүндүрүп бербейт? Эмне үчүн Акаев мен жеке мойнума алам ушул милдетти, мен ушуга жооп берем деп айтпайт. Мен Равшан мырзага эч кандай дооматым жок, себеби буга чейин бул кызматта жети-сегиз министр алмашты. Алардын ар бири чоң бир объектини менчиктештиргенден кийин аларды кызматтан кетирет. Кызматка жаңы келгендер "мен жок элем, мен түшүнбөй калыптырмын, мага чейин ушундай болуп кетиптир" деген шылтоону айтат. Акаев өзү келип, элдин алдында убадасын берсин. Ар кандай губернаторлорун, министрлерин жиберип, бул депутат менен, тиги депутат менен иштетип ар биринин аркасына бирден байлап койбой. Чөнтөгү дейсиңби, башкасы дейсиңби - ар кандай проблемасы болсо чечип бергиле. Себеби жүздөгөн миллион доллардын тегерегинде сөз жүрүп атат. Дагы бир жолу баса белгилейм, бул - мамлекетке каршы жүргүзүлүп жаткан саясат!

- Равшан мырза, кандай аргументтериңиү бар?

- Адахан мырза айтып кетпедиби "ооруканалар өчүрүлбөшү керек" деп. Жалпысынан бул - туура. Өчүрүлбөшү керек, бирок ал - энергоишкананын проблемасы эмес, ал - оорукананын жетекчисинин проблемасы. Эмне үчүн энергетика компаниясы оорукананы, аскер тармагын дотациялашы керек. Энергетика тармагы бул - экономиканын ошолор сыяктуу эле субъектиси. Оорукананын жетекчиси чуркашы керек бизди өчүрүп койбосун деп. Ошону өчүрбө деген үчүн электр тармагын бүгүн ушул абалга алып келип атабыз. Эки жыл мурда Мамлекеттик мүлк комитети ушундай позиция менен чыкканбыз - "бардыгын өчүрүшүбүз керек, өз ара эсептешүү, бартер дегендин бардыгын жок кылышыбыз керек, ошондо гана оңолобуз" деген.

- А.М.: -Бартер - коррупциянын жыйынтыгы.
- Р.Ж.: -Коррупциянын жыйынтыгы - туура, мен кошулам буга. Ошонун айынан энергетика тармагы ушул абалга келип атат.
- А.М.: - Коррупцияны мамлекет тизгиндеп, аны жок кылса болот. Жеген-ичкендердин бүт барын камаса болот. Аны жасабай атат. Демек, жеген-ичкендерге өздөрү аралашып кеткен.
- Р.Ж.: - Мен ошону айтып атпаймбы, биз социалдык бөлүмдү азыркы энергетика тармагынан алып ташташыбыз керек. Энергетика тармагы мамлекеттин экономикасын дотация кыла албайт, мүмкүнчүлүгү жетпейт, анда биз аягына чейин талкалап алабыз, жакшы бир тартип пайда болот.

-А.М.:- Равшан кечирип коёсуз, консессия дегенде бөтөн бирөө келип туруп башкарсын деп атабыз. Эмне, ошону башкара турган кыргыздын жигити жокпу.
- Р.Ж.: - Бар кыргыздын жигиттери.
- А.М.: - Эмне үчүн ошол кыргыз жигиттеринен койбойсуңар? Эмне үчүн сөзсүз түрдө четтен келген бирөө болушу керек. Ал дагы «ташкуурчак» болот.
- Р.Ж.: - Биздин андай оюбуз жок. Убактылуу башка бирөөгө беребиз деген бул - чет элдикке беребиз деген сөз эмес. Мүмкүн Кыргызстандын компаниясы алат.
- А.М.: - Канча акчага бересиңер "Түндүк электрону"?
- Р. Ж.: - Туура айтасыз, мен жооп берейин, бул жакшы сууроо. Биз азырынча мынча акчага беребиз деп айта албайбыз. Биз мыйзам боюнча консессиялык төлөм алабыз. Биз келишимди тактап туруп анан парламентке алып келели деп атабыз. Шарттуу түрдө айта алам, мүмкүн 5 млн. доллар, мүмкүн 10 млн. доллар, мүмкүн 1 млн. доллар, мүмкүн бекер беребиз. Аны биз сиздер менен чогуу отуруп чечишибиз керек.

- А.М.:- Жок, биз менен чечилбейт ал, анын кимге берилиши, кандай шартта, канчага берилиши эбак эле чечилип калган маселе. Бизден бир гана уруксат алып коюшуңар гана калды. Мындайча айтканда - ким башкарат, кандай шартта башкарат - анын баары белгилүү. «Манас» аэропортун деле, "Кыргызстан аба жолдорун" деле ушинтип башкарып келе жатасыңар. Эми энергетикага келгенде эле ынсаптуурак болуп калабы. Жок, андай болбойт. Ошондуктан мамлекет өзү башкарсын. Эгер башкара албай турган азаматтар болсо кетсин, башкара турган азаматтар болсо ошолорду койсун ордуна. Бирок жалпы Кыргыз мамлекети үчүн, кыргыз эли үчүн иштеш керек. Компания жеке кишинин чөнтөгүнө иштебеш керек деген оюмду айтып жатам мен. Оорукананын проблемасына келсек - биздин Конституция боюнча "дарылоо бекер" деп жазылып турат. Ага мамлекеттик бюджеттен дотация берилип турушу керек. Эмне үчүн берилбейт? Дотация таба албай турган өкмөттү эмне үчүн кармап отурасыңар. Бул жерде Равшан мырза менен айтышкым келбейт, себеби келечеги бар жигит. Көп нерсени азыр түшүнбөстүк кылып коюшу мүмкүн. Равшанга чейин деле иштеген министрлердин баары жан-отун үрөп, "улуу урматтуубуз ушинтип айтып атат, ырас улуу урматтуу айткандан кийин ал жаңылышы мүмкүн эмес" деген позиция менен жүргөн министрлердин дагы кудайга шүгүр бирөөсүнөн башкасынын баары башы аман, жүрүп атат, көрүп атат. Алардын сөгүнгөнүн дагы угуп атабыз - "бизди кандай колдонуп, кандай сыртка ыргытып жиберди" деп айтып. Равшандын келечеги болсун, аман болсун. Бирок келечегибиз болгон ушундай жигиттер "ушуга барышыбыз керек" деп отурса Кыргызстандын келечегине да күмөн көз менен карап кетесиң.

-Равшан Жээнбеков:

- Биз айтып атабыз - жалпысынан гана уруксат бергиле. Бизге убактылуу мөөнөт берсеңер, биз алты ай болобу, бир жыл болобу бүт-бардык силер койгон маселеге жооп таап, даярдап келели деп. Анткени бүгүнкү күндө биз бардык маселеге чынында эле жооп бере албайбыз. Депутаттар жагынан коюла турган бардык суроого жооп берип туруп, кайрадан парламентке келели деп атабыз. Мүмкүн азыркы парламентке, мүмкүн кийинки парламентке.

-Адахан Мадумаров:

- Равшан кептин баары ошондо болуп атпайбы, алты айдан кийин министр болуп отурам деген кепилдик жок да. Кийинки келген министр айтат "Равшан Жээнбеков деген министр болгон экен мага чейин, депутаттар менен акылдашып чечкен экен, мен билбейм. Мен андай милдеттемени алган эмесмин" дейт. Кептин баары ушунда. Ынсап, ыйман берсин, бүгүнкү абийирин саткандар бул Атамекенин саткан менен бирдей деп эсептейм.

-Равшан Жээнбеков:

- Мен ойлойм депутаттар кандай чечим кабыл алса, депутаттардын чечими мыйзам болгондон кийин биз ошону аткарабыз. Бул экономикалык маселе, көбүнчө саясатка айландырып жибердик. Бул маселе биринчи кезекте - саясат болуп калды. Азыр кыйын болуп жатканы ошондо. Экинчиден, эгерде биз жеке менчикке убактылуу башкарууга бере турган болсок, сөзсүз түрдө кандайдыр бир жакшыруу болот. Дүйнөлүк тажрыйба да көргөзүп атат, жалпысынан алганда биздин көзүбүз жетип турат.

Сүрөттө (солдон оңго): Равшан Жээнбеков жана Адахан Мадумаров.

XS
SM
MD
LG