Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Ооганстандагы кагылышуулардан баары болуп 9 киши набыт кетти


КАБУЛ. Аяктап бараткан аптада Ооганстандын аймагында орун алган кагылыштарда 4 согушкер жана беш карапайым жаран курман болду. Америкалык өкүл майор Скотт Нельсондун бүгүн Кабулда тараткан маалыматына ылайык, согушкерлер бейшембиде Урузган провинциясында АКШ аскерлеринин рейди учурунда курман болгон.

Ал эми карапайым жарандар Пактика провинциясында автоунаанын жарылуусунда жантаслим болгон. Ошондой эле Нельсон Талибан согушкерлери барымтага алган чет элдиктерди бошотуу маселеси өтө курч турганын айтты. Талибдер Улуттар Уюмунун кызматкерлери менен чет элдик аскерлердин баары өлкөдөн чыгып кетүүгө жана туткундагы баардык талибдер бошотуулууга тийиш, болбосо барымтадагы адамдар өлтүрүлөт, деп кесенип жатышат. Алар бул жөнүндөгү ырасмий сүйлөшүүлөрдү бүгүн кечке чейин баштоону талап кылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG